ЭЛЕКТРОНДУК ӨЛКӨДӨ ЖОЛ ЖАКШЫ БОЛУШ КЕРЕК

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев бүгүн маалымдагандай, ушул тапта Кыргызстанда ар бир 1000 адамга 70-80 компьютер туура келет. Ал эми өлкөдө кабыл алынган маалымат–байланыш технологияларын өнүктүрүү боюнча стратегияга ылайык, 2010-жылга чейин ар бир 1000 адамдын 300-400ү компьютерлүү болуп калышы кажет.
- Азыр Кытай жана Корея менен компьютерлерди чыгаруучу ишканаларды куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алардын бул долбоорлорго кызыгуусу бар, - деди Кубанычбек Жумалиев бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында.

Электрондук байланыштар боюнча эларалык уюм тарабынан Кыргызстанга 375 миң АКШ доллары бөлүндү. Бул акча каражаты 80ге жакын чакан шаарларда менен шаар тибиндеги айылдарда электрондук байланышты түзүүгө жумшалат.

Министрлик тарабынан «электрондук өкмөттү» түзүү багытында да иштер жүргүзүлүүдө. «Долбоордун» биринчи баскычына Кореянын өкмөтү 10 млн АКШ долларын грант катары берүүгө ниеттенди. К. Жумалиевдин айтымында, электрондук байланыш үчүн республикалык бюджеттен көбүрөөк акча бөлүнүшү керек.

Министр автожолдорду оңдоо иштери тууралуу да маалымат берди. Өлкөдөгү 34 миң чакырым жолдун 18 миң чакырымы министрликке карайт. «Учурда Бишкек-Ош жолун оңдоонун экинчи фазасы аяктады», - дейт Кубанычбек Жумалиев:

- Бишкек-Ош жолунун 80-чакырымынан 161-чакырымына чейин, башкача айтканда, Сосновка айылынан Суусамырдын орто ченине чейин жол бүттү. Жолду кореялык «Самсунг» компаниясы оңдоду. Азыр Токтогул районунун Үчтерек айылынан Каракөл шаарына чеийнки жолду оңдоо да аяктап калды.

Министрдин айтымында, Бишкек-Ош автожолун реабилитациялоонун үчүнчү фазасы боюнча тендер өткөрүлдү. Ага ылайык Күрпсай ГЭСинен Ноокендин Маданият айылына чейинки жол жана Өзгөн районунан Ош шаарына чейинки жол оңдолмокчу. Андан тышкары Ташкөмүр- Каражыгач жана Базаркоргон- Арсланбаб жолдору да оңдолушу керек. Учурда Бишкек-Гeоргиевка жолун реабилитациялоо башталды. Транстпорт жана байланыш министрлиги быйыл Бишкектин 50 чакырым автожолун, Ош шаарынын 17, ал эми Жалалабад шаарынын 10 чакырымын оңдогон.

Азыр министрлик Суусамыр-Тараз-Талас жана Ош-Сарыташ-Эркечтам жолдоруна акча издеп жатат. Суусамыр-Тараз-Талас жолун оңдоого Ислам өнүктүрүү банкы 9,5 млн. АКШ долларын бөлүүгө макулдугун берди. Ал эми Ош-Сарыташ-Эркечтам жолуна Азия өнүгүү банкы тарабынан бөлүнгөн 25 млн. АКШ доллары жетишсиз. Ошондуктан, республиканын жетекчилиги Кытай өкмөтүнө бул жолду оңдоо иштерине үстөксүз кредит бөлүү өтүнүчү менен кайрылды. Кытай 35 млн АКШ долларын бөлүшү ыктымал. 23-декабрда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн министр Кубанычбек Жумалиев Кытайга барат.

Алдыда ошондой эле Ош-Исфана, Бишкек-Торугарт жолдорун жана Ыссыккөлдү айланган автожолду оңдо пландаштырылууда. Ал үчүн акча изделип атат. Ал эми 29-декабрда Пекинде Кашкар-Эркечтам-Жалалабад-Анжиан темир жолун курууну ишке ашыруунун негиздүүлүгү боюнча отчеттун бет ачаары болот. Отчет Кытайдын 1-Темир жол институту тарабынан даярдалды. Отчетту даярдоо үчүн 2 жыл иликтөө иштери жүргүзүлдү жана ал үчүн Кытай өкмөтү 20 млн юань бөлгөн.