Акыйкатчы «Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү жазаланган жок» деп билдирди

БИШКЕК. «Эң өкүнүчтүүсү - Аксы окуясына чындап күнөөлүү болгон бийлик өкүлдөрү эмгиче жазаланган жок. Акыйкатчыда жетишээрлик ыйгарым укук болгондо, мен аларды жазалайт элем. Тилекке каршы, мага андай ыйгарым укук берилген эмес» деген пикирин билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу. Кечээ Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров Аксы районундагы шайлоочуларынын атынан Аскар Акаевге кайрылуу жолдогон. Кайрылууда ал мамлекет башчысынан Темирбек Акматалиевди экология жана өзгөчө кырдаалдар министри кылып дайындаган жардыгын жокко чыгарууну сунуш кылган. Мындан тышкары, кайрылуу ээси «Аксы окуясына күнөөлүү катары эсептелген Аманбек Карыпкуловдун, Темирбек Акматалиевдин, Чубак Абышкаевдин жана Калмурат Садиевдин жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалышы, бул окуяга мамлекет башчысы Аскар Акаевдин катышы бар экендигин далилдейт» деген пикирин билдирген. Ал эми аткаруу бийлигинин өкүлдөрү «Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү өз жазаларын алышып, соттолушту» деген пикирин айтып келатышат.