Орусиялык гезиттердин Кыргызстанда чыккан тиркемелеринин башкы редакторлору Шайлоо кодексине киргизилип жаткан шайлоо алдындагы үгүт иштерине чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары катыша албайт деген өзгөртүүгө каршы экендиктерин билдиришти. Алар бул окуяга арналган маалымат жыйынын «АКИ-пресс» агенттигинде өткөрүшүп, кайрылуу таратышты.
Маалымат жыйынына ««Аргументы и факты» в Кыргызстане», ««Комсольская правда» в Кыргызстане», ««Российская газета» в Кыргызстане» жана ««Московский комсомолец» в Кыргызстане» гезиттеринин башкы редакторлору катышты. Алар өз кайрылуусунда «Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша албайт» деп Шайлоо кодесине киргизилген өзгөртүү эң ириде орусиялык маалымат каражаттарына багытталган тыюу салуу деп билдиришти. Ал тууралуу ««Аргументы и факты» в Кыргызстане» гезитинин башкы редактору Геннадий Павлюк:
- Мен бул саясий буйрук экендигине катуу ишенип турам. Бул буйрук биздин Өкмөт үйүнөн берилгенине же чет өлкөлөрдүн биринде жазылган сценарийдин негизинде жасалып жатканын так билбейм. Бирок, Орусияга каршы жасалган бул тыюу салуу Грузиядагы окуялар жана Орусиянын Молдовадагы Приднестровье боюнча оңунан чыкпай калган аракети менен бекеринен дал келген жери жок, - деп билдирди.
Геннадий Павлюктун ою боюнча, Орусиялык массалык маалымат каражаттарына тыюу салуулар ушуну менен эле токтоп калбайт жана жыл аяктап баратканда экономикалык жактан алсыратуу үчүн текшерүүлөр күчөйт. Ошондой эле, кыргыз бийлиги маалыматты так жана тез тараткан орусиялык маалымат каражаттары менен жергиликтүү маалымат каражаттарын каршы коюп, жергиликтүү гезиттерге колдоо көрсөтүүгө аракеттене баштады, - дейт Павлюк.
«"Российская газета" в Кыргызстане» гезитинин башкы редактору Элла Таранова Орусияга каршы багытталган атайын саясий буйрук деген пикирге кошула албасын баса белгилеп, парламент кабыл алган бул өзгөртүү эң ириде окурмандардын маалымат алуу укугун басмырлай тургандыгын айтты:
- Үгүттөө деген бул баарыдан мурун окурман жана шайлоочу үчүн берилген маалымат. Аларды маалымат алуу булагынан ажыратуу - акылсыздык.
Элла Таранова Шайлоо кодексине киризилген өзгөртүүлөр Кыргызстандын аймагында гана күчкө ээ болорун, бирок Кыргызстандагы орусиялык маалымат каражаттары Орусиянын мыйзамдарына негизденип иштей берерин баса белгиледи.
Кыргыз бийлиги бул өзгөртүүнү киргизүү менен орусиялык маалымат каражаттарына каршы эмес, эң ириде, өз элине каршы саясат жүргүзүп жатат деген ойду «“Московский комсомолец” в Кыргызстане» гезитинин башкы редактору Александр Банников да колдоду.
Ал эми ««Комсомольская правда» в Кыргызстане» гезитинин башкы редактору Аркадий Гладиловдун пикири боюнча, кодекске киргизилген өзгөртүүнү ишке ашыруу механизми так көрсөтүлбөй, жобо түшүнүксүз жазылган. Бейтарап маалымат менен үгүттөөчү материалды айырмалоонун татаалдыгы маалымат каражаттарын бушайманга салат. Бул өзгөртүү азыртан кайра алынбаса, саясий чатакка айланып кетиши мүмкүн.
- Бул жердеги көйгөйдүн баары жобону ишке ашыруу механизмдеринин так жазылбагандыгында турат, - деди Аркадий Гладилов. - Ушундан улам моралдык жана нравалык жоготуулар боло электе чатактан чыгуунун жакшы жолу катары өзгөртүүнү алып таштоону сунуштап жатабыз. Эгер парламент кодексти ушул кейпинде толук кабыл ала турган болсо Конституциялык, эл аралык сот дегендер бар.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн саясий маселелер боюнча кызматкери Петер Фелхтин ою боюнча, аталган жобону алып таштоо зарыл.
- Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро мыйзам долбоорун иликтеп, ага баа бергенде жобону алып таштоо зарылдыгы айтылган жана ал сунуш депутаттардын бардыгына таратылып берилген. Бюро ал сунушту «маалымат алууга жана аны таратууга чек коюлбайт» деген эл аралык макулдашуулардын негизинде билдирген болчу, - деди Петер Фелх.