ДҮЙНӨЛҮК САММИТ ИНТЕРНЕТ ЖАНА МААЛЫМАТ КООМУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛООДО

Бириккен Улуттар Уюму сүрөөнчүлүк кылган дүйнөлүк саммит бүгүн Женева шаарында өз ишин баштады. 150 өлкөдөн келген 12 миңдей өкүл маалымат технологиясынын азыркы деңгээли жана болочокку багыттары, азыркы адамзат коомунун маалымат алуу жаатындагы көйгөйлөрү тууралуу талкуу кылууда. Мурда кабардалгандай, ага Кыргызстандын президенти, адистиги боюнча голография жана информатика илимпозу Аскар Акаев жетектеген топ да катышууда.
“Маалымат коомунун дүйнөлүк саммити” деп аталган жана Бириккен Улуттар Уюмунун түздөн-түз сүрөөнчүлүгү менен өткөрүлүп жаткан бул эл аралык иш-чара дүйнөдөгү мамлекеттердин жакыр жана бай болуп жиктелген турумун дагы бир жолу чагылдырып тим болбостон, маалымат алуу жана таркатуунун жаңы технологиясын жайылтуунун иштиктүү кадамдарын да сунуш кылууга тийиш.

Швейцариянын телефондук байланыш тармагы боюнча федерациялык мекемесинин басма сөз өкүлү Роберто Ривола мырзанын айтымында, бул саммитке даярдык оңой-олтоң өткөн жок. Өзгөчө талаш-тартышты жараткан маселелер – интернетти башкаруу, ага көзөмөл салуунун зарылдыгы, басма сөз эркиндиги, интеллектуалдык менчикке болгон ээликтин көз карегиндей сакталышы, интернет аркылуу жайылып жаткан кылмыш түрлөрүнө каршы күрөш жана башка суроолор болду.

Кээ бир маселе ар башка өлкөлөрдө ар кыл кабыл алынаары да алдын-ала белгилүү болчу. Маселен, фалуңгонгчулардын өз ой-санаасын интернет аркылуу жайылтышы Батышта диний көз карашын эркин билдирүү катары бааланса, ал эми Кытайда бул тыйуу салынган иш-аракет. Айрым өлкөлөрдө интернет баракчаларында өкмөткө каршы курч сын айтылса, мындай баракчаларга техникалык тоскоолдор түзүлүүдө. Маселен, Казакстанда ушундай учурлар катталган. Кытай менен Иран интернетке чектөө коюу жаатында өзгөчө айырмаланган өлкөлөргө кирет.

Саммитти уюштуруучулардын бири, швейцариялык өкүл Роберто Ривола мырза:

- Көптөгөн өлкөлөр Женева саммитин тек гана технологиялык көйгөйлөргө арналган жыйын деңгээлинде уюштурууну көздөгөн. Алар жыйында массалык маалымат каражаттары жана маалымат мазмуну тууралуу сөз козгогусу келген эмес. Акыры бул өлкөлөр да эркин маалымат каражаттары тууралуу, ошондой эле маалымат коомунун шартында маалымат каражаттары менен журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу талкуу кылууга көнүштү.

Алдын-ала белгиленген долбоор боюнча, саммитте атайын декларация кабыл алынмакчы. Бул эл аралык документтин өзөккү ою - Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жалпы декларациясында айтылган ар ким маалымат алууга жана таркатууга укуктуу деген жобону интернетке да таандык кылып жарыялоо болуп саналат.

Саммитте чечилбей турган маселелер да арбын. Алардын бир даары келээрки жылы Тунисте өткөрүлөөрү белгиленген кезектеги дүйнөлүк саммитте талкууланмакчы. Тунис жыйынына калуусу күтүлгөн маселелердин бири – интернет тармагынын көмүскө кожоюну болууга тийишпи же жокпу деген маселе. Интернет технологиясы оболу АКШда иштелип чыккандыктан, азыркыга чейин АКШ өкмөтү менен Ай-Си-Эй-Эн-Эн (ICANN – the International Corporation for Assigned Names and Numbers) деген бир америкалык компания интернет жаатында багыттоочу чечимдерди кабыл алып келет. Башка өлкөлөрдүн оюнча, АКШ тарабы мындай көмүскө жетекчиликтен баш тартууга тийиш.