Иракта жанкечтилик “толкуну” башталды

Ирактын түндүгүндө жардырылган бомбадан АКШлык 31 жоокер жараат алды.
АКШлык аскерий жетекчиликтин маалымдашынча, жанкечти автомобилди Талафар шаарчасынын четиндеги америкалык аскерий базанын жанына жете келип жардырган. Талафар Мосул шаарынын батыш тарабындагы чакан шаарча.
Полковник Майкл Линингтон бомба чабуулун жанкечтилер ишке ашырды деп маалымдады:
- Автомобиль базага кире бериштеги кароолканага токтобой койгондо, күзөт мунарасында турган эки жоокер ошол замат ок ачышкан. Алар аткан ок, биздин чамабызда, автомобилдеги бомбаны мурдатан жардырууга камдап койгон айдоочуга тийген.
АКШлык аскерлердин маалымдашынча, бүгүн эле башка бир жанкечти Багдаддын түндүк четиндеги аскерий базанын дарбазасына келип, шектүү аракеттерди жасай баштаганда, аны көздөй америкалык жоокер ок ачкан кезде, ал жаныда катылуу бомбаны жардырып жиберди.
Багдаддын түндүгүндө болсо АКШлык аскерий машиненин үстүнө суу тосмо кулап түшүп, америкалык үч жоокер курман болду жана бир аскер жабыркады.
АКШлык аскерлер жоокерлердин өлүмүн капылет кырсык деп баалашып, атайын жасалган жамандык деген түкшүмөлдү четке кагышты.
Бүгүн таң эртең Багдаддын ортолук бөлүгүндөгү сунни жамаатынын мечитинде намаз маалында бомба жардырылып, ирактык үч атуул өлдү жана эки адам жабыр тартты.
НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсон альянстын аскерлери Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоосуна байланыштуу келерки жылга чейин Иракка жаңы миссияны аткарууга жөнөтүлбөйт деп маалымдады. Робертсон бул билдирүүнү бүгүн Лондондо жасады.