ХОРВАТ УЛУТЧУЛДАРЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШКЕНИН АЙТУУДА

Оппозицияда болуп келген хорват улутчулдары жекшембидеги парламенттик шайлоодо олуттуу жеңишке жетишти. Премьер-министр Ивица Рачандын Социал-демократиялык партиясы жаңы парламентте улутчулдардан жана алардын шериктеринен азыраак орунга ээ болмокчу.
Бийликтеги партиянын жетекчиси, премьер-министр Ивица Рачан ордо шаар Загребде шайлоонун алгачкы жыйынтыктары маалымдалган соң өткөргөн маалымат жыйынында өз партиясынын жеңилгенин мойнуна алды:

- Эгерде бул - соңку жыйынтык болчу болсо, анда ал биздин коалициянын өкмөт куруу үчүн жетишээрлик добушка ээ боло албагандыгын айгинелейт. Мындай шартта биз жаңы өкмөт кура тургандарды куттуктамакчыбыз жана хорват атуулдарына жаңы өкмөттүн шартында бакыбат болушун жана албан ийгиликтерге жетишүүсүн каалап кеткибиз келет.

Анын партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңилиши өлкөдөгү улам курчуган социалдык кырдаал боюнча калайыктын азыркы өкмөткө нааразылыгынын өсүшү менен түшүндүрүлөт.

Хорват улутчулдарынын Хорватиялык демократиялык биримдик аттуу партиясы соңку үч жылда өкмөткө каршы оппозицияда болуп келген. Маркум генерал Франйо Тужмандын авторитардык өкүмү жүргөн чакта өлкөнү бийлеп, Хорватиянын эгемендигин сактоо жана коргоо жаатында кыйла салым кошкон бул партия өлкөдөгү адам укуктарынын одоно бузулушуна жол койгону үчүн да курч сынга кабылып келген. Партия соңку кездери мурдагы ашкере улутчул нугун кыйла жумшартканы айтылууда.

Партиянын жетекчиси Иво Санадер жекшембиде Загреб шаарында журналисттер үчүн курган маалымат жыйынында өз уюмунун тышкы саясаты тууралуу мындай деп билдирди:

- Биздин тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багытыбыз – бул Европа Биримдигине жана НАТОго мүчөлүккө өтүү жана коңшуларыбыз менен алигиче чечилбей келе жаткан бардык маселелерибизди чечүү. Коңшулар менен алакаларды биз өтө ыкчам түрдө нормалдаштырууну каалайбыз.

Санадердин оюнча, хорваттар үчүн алардын бардык коңшуларынын Европа Биримдиги менен баш кошуусу алгылыктуу болоор эле.

Алдын-ала жарыяланган маалыматка караганда, 140 орундуу парламентте 73төй депутаттык орун улутчулдарга тиймекчи. Бийликтеги коалиция жаңы парламентте 64 орунга гана илинүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын башында Хорватия Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызын бул Биримдиктин жетекчилигине жолдогон. Болочокку өкмөт Евробиримдик жана мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштарын иликтеген Гаага трибуналы менен тыгыз кызматташаарына Иво Санадер ишаара кылууда. Хорватиядагы соңку окуялар коңшу Сербиядагы демократиялык жараян үчүн да олуттуу таасир тийгизиши күтүлөөрүн аймактык серепчилер белгилешүүдө.

Европа Биримдигинин тышкы карым-катнаштарды тейлеген комиссарынын басма сөз өкүлү Диего де Охеда Хорватиянын болочокку өкмөтү саясий билдирүүлөрү менен эмес, реалдуу иш-чаралары аркылуу бааланаарын эскертти.