Бул демилгени апрель айында Ирактагы согушка каршы болгон төрт өлкө - Белгия, Франция, Германия жана Люксембург көтөрүп чыгышканда, АКШ, Британия жана Испания катуу камтама болушкан. Верховштадт төрт өлкөнүн планын ишке ашыруу боюнча аракеттерди азыр Британия да колдоп жатканын маалымдады. Вашингтондун өкүлү АКШ баштагыдай эле бул сунушту колдоборун ырастап, жаңы аскердик уюм НАТОнун көчүрмөсүнө айланып, келечекте коргонуу ресурстарынын бөлүндү болушуна алып келет деп эскертти.