Өзүн-өзү өрттөгүсү келген эки аялды Бишкекте милиция кызматкерлери кармап кетишти

БИШКЕК. Нарын облусунун Кочкор районунун Дөңалыш айлынан келишкен 62 жаштагы Бейшенкулова Күлүйпа жана анын 37 жаштагы кызы Бейшенкулова Калыйса бүгүн өз талабын ак кагазга жазып, Өкмөт Үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар президенттик администрациядан өкүл чыгып сүйлөшпөсө өзүн-өзү өрттөй тургандыгын айтышты. Өздөрү менен кошо алып келген күйүүчү майга от коюуга камынганда милиция кызматкерлери аларды күчкө салып кармап кетишти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкуловдун маалыматына караганда, милиция кызматкерлери аларды Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө суракка алышууда. Бейшенкуловалардын маалыматына караганда, алар 1995-жылы Кочкор районундагы Ийрисуу деген жердеги мал сарайды менчиктештирип алышкан. Бирок «Кочкорагрохимия» ишканасы ал мүлктү кайра өзүнө кайтартып алган. Райондук сот Бейшенкуловалардын кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алган.