Еврокомиссия космосту өздөштүрүү планын сунуш кылды

Аталган тармакта Евросоюз толук өз алдынча иш кылууга тийиш жана илимий изилдөөлөргө карыштала турган капиталдын суммасын көбөйтүшү керек, деп айтылат документте. Космосту иликтөө боюнча европалык башкы мекеменин жетекчиси Жан-Жак Дордэн бул жагынан Евросоюз азыр өз күчүнө гана ишене аларын билдирип, аталган чөйрөдөгү иликтөөлөр көптөгөн маселелерди, анын ичинде коопсуздук проблемасын чечкенге жардамдаша турганын белгиледи. Европалыктардын быйыл июнда Байкоңурдан учурулган “Марс-Экспресс” аппараты эмдиги айдын этегинде “кызыл планетага” жетмекчи.