БАСМА СӨЗ МАЙРАМЫ, РАСУЛ ГАМЗАТОВДУН КӨРКӨМ ДҮЙНӨСҮ, НАСИРДИН ИСАНОВДУН ЭСТЕЛИГИ

Бул апта катар келген майрамдарга бай болду. Социалисттик революция күнү эгемен Кыргызстанда улуттук басма сөз күнү катары белгиленип калган. Быйылкы майрам “Азаттык” радиосунун жарым кылымдык мааракесине туш келди. Маалымдоо каражаттарынын майрамы алдында Бишкекте эгемен Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановго эстелик тургузулду. Кыргыз басылмалары 80 жаш курагында о дүйнө сапар алган атактуу авар акыны Расул Гамзатовдун элесине арналган эскерүүлөргө да арбын орун берди.
Улуттук басма сөз күнүнө апта соңунда чыккан «МСН» гезити эки макала арнады. Көз карандысыз басылмалардын эларалык басма үйүнө ооп кетишинен чочулаган бийлик маалымат коопсуздугу улуттук стратегиясын түзүшү ыктымал деп белгилейт Рина Приживойт. Автордун ырасташынча, эгерде сотко доо арыз менен кайрылган чиновниктер талап кылган айыппулдун 10% сотко төлөсө сотко арыз жазгандар азаймак. «Мына маселен, Николай Танаев «Моя столица-Новости» гезити менен анын журналисттеринен баарысы болуп 8 миллион сомдон ашун акча талап кылган. Ошонун 800 миңден ашуунун, же талап кылган айыппулдун 10% соттук пошлина катары төлөй турган болсо, материалдык доосун кыйла азайтмак».

Гезиттин жазганына караганда эгер басылма коомдук маанилүү маселени козгосо ага унчуккан киши жок. Ал эми кайсы бир чиновниктин аты аталып калса эле бүттү, журналистти соттон-сотко сүйрөмөй башталат.

Мындан тышкары гезиттин жаңы санында белгилүү саясий ишмер Муратбек Иманалиевдин маегине орун берилген. «Менин баамымда,- дейт М.Иманалиев.- 1997-жылдан тарта демократия бизде базар буюмуна айлана баштады. Бийлик да, оппозиция да аны акча табуунун каражаты катары пайдаланууда. Кредит, грант, инвестицияларды тартуунун ыкмасына айландырды. Байкап аткандырсыз, демократиялык принциптерге байыр алуу, адам укугу жана башкалар тууралуу качан акча керек болгондо көп айта башташат. Мындайга эларалык уюмдар акча аяшпайт. Демократия болсо билинбей эле артка сүрүлүп калды».

Эгемен Кыргызстандын туңгуч өкмөт башчысы Насирдин Исановдун Бишкекте эстелиги тургузулду. «Эркин тоо» гезитинин 7-ноябрдагы санында маркум жетекчи тууралуу Алмаз Ташиев менен Төрөбай Исмаиловдун эскерүүлөрү жарыяланды. Тирүү болсо быйыл алтымыш жашка чыкчу коомдук ишмер 1991-жылдын 29-ноябрында авторкырсыктан каза болгон.

«Азаттык» радиосунун жарым кылымдык тоюнун маани-маңызы Кыяс Молдокасымовдун ушул эле гезитке берген маегинде чечмеленген. «Биз өтө жоопкерчиликтүү милдетти аткарып жатканыбызды ар убак эстен чыгарбоого аракеттенебиз,- дейт К.Молдокасымов. - Элдин ишениминен чыгып калуу баарынан коркунучтуу».

Кыргызстанда басма продукцияларына салыктын көптүгү тармактын ыкчам жанданып кетишине кедергисин тийгизип жатканына жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде «Учкун» концернинин жетекчиси Каныбек Иманалиев токтолду. «Казакстанда басма продукцияларына кошумча нарктын салыгы 15%, Орусияда 10%. Ошондуктан айрымдар бизден качып өз продукцияларын Москвадан, Алматыдан бастырып келишүүдө. Анткени, аларда бастырышса, жол кире, бажыкана чыгымдарын кошкондо да бизден арзан болот экен. Канча акчалар сыртка кетүүдө»,- дейт Каныбек Иманалиев.

«Кыргызстан дайыма сени менен болчу майрам, анткени 31-августтан жаңы жылга чейин той-топур арбын,- деп жазат «В конце недели» апталыгында Данил Кыштообаев.- Кыргыздын той-топурга жөнү жок жакын». Автордун пикиринде, маараке-салтанаттардын көптүгү адамдарды иштен алаксытат, ансыз да кедей өлкөнүн тез ирденип кетишине жолто болот. 7-ноябрь совет бийлиги тушунда октябрь төңкөрүшү жасалган күн катары чоң салтанат менен майрамдалчу. Социализм тарыхтан чийилген соң ал улуттук басма сөз күнү катары белгиленүүдө.

«Авар элинин улуу акыны Расул Гамзатов 7 осуят калтырган», деп жазат Каныбек Иманалиев. Анын айтымында, айтылуу «Менин Дагестаным», «Бийик жылдыздардын» авторунун дүйнөдөн өткөнүн анын чыгармачылыгын барктагандар кайгыруу менен кабылдашты. Аны менен кошо бүтүндөй бир поэтикалык доор өчтү, эми Р.Гамзатовдун экинчи өмүрү башталат.

Улуттук басма сөз күнүнө арналган материалдар топтому жума күнкү гезиттерде арбын жарыяланды.