Ташкенде кыргыз-өзбек чегара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болот

БИШКЕК. 13-17-ноябрда Ташкен шаарында кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү башталат. Кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева жетектейт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, кыргыз-өзбек чегарасынын тоолуу аймактардагы тилкелери такталып, эми сүйлөшүүлөр тегиз жердеги чегара сызыгын аныктоо боюнча жүрмөкчү.