Кытай космоско кайра киши жиберүү планын жарыялады

Ага ылайык, космосто жети күн учуп жүрүүгө жөндөмдүү "Шенжоу" деп аталган аалам кемеси эки космонавт менен алдыдагы эки жылдын ичинде учурулат.
Мындан үч жума мурда кытайлык тунгуч космонавт Янг Ливей космосто болуп келген эле. 15-октябрда ал "Шенжоу-5" кемесин минип, Жерди бир күн айланып жүрүп, аман-эсен кайтып келген.