Түндүк Корея жана Кытай Пхеньяндын өзөктүк курал программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты

Тараптар бул маселени принцибинде макулдашканын эки өлкөнүн маалымат каражаттары билдирди. Макулдашуу Түндүк Кореянын лидери Ким Ир Чен менен Кытай компартиясындагы экинчи жетекчи,өлкө парламентинин төрагасы У Бангонун Пхеньяндагы бүгүнкү жолугушуусунда жетишилген. АКШ Түндүк Корея өзөктүк курал программасын өнүктүрүүдөн баш тартса, көп тараптуу сүйлөшүүлөргө катышкан өлкөлөрдүн атынан коопсуздук кепилдиктери берилишин сунуштаган эле. Түндүк Корея жакында бул сунушту карап көрүшү мүмкүн экени билдирген.