ОРУСИЯ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛЫШ-БЕРИШИ КИЙИНКИ ЖЫЛДАРЫ КҮЧ АЛДЫ

Бүгүн Бишкекте “Орусия-Кыргызстан” инвестициялык саммити өз ишин баштайт. Каадалуу жыйындын ишине эки өлкөнүн мамлекет башчылары Владимир Путин менен Аскар Акаев катышат. Кийинки кездери арбын кепке алына баштаган орус-кыргыз экономикалык алака-катышы ошентип реалдуу өң-түс алууда. Орусиялык ишкерлердин чоң тобунун Кыргызстанга келишинин негизги максаты - бул жердеги инвестициялык жагдайды көрүү, мүмкүнчүлүктөрдү байкап, кызматташтыктын келечек багыттарын аныктоо.
Кийинки эки жылда Орусия Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшү болуп чыга келди. Түз инвестициянын көлөмү жагынан ал азыр АКШдан кийинки экинчи орунду ээлейт. Эки өлкөнүн экономикалык алака-катышынын антип эки жылда ири өсүшкө ээ болушунун бир топ жөндүү себептери бар. АКШ башында турган Эл аралык антитеррордук коалицияга кирген өлкөлөрдүн аскер-аба күчтөрүнүн Бишкектин жанындагы “Манас” аба майданына жайгашканы Орусиянын Борбор Азиядагы геосаясий кызыкчылыгын ойготту.

Кыргызстан менен Орусиянын ишкер чөйрөсүнүн өкмөттүк деңгээлде өтчү экономикалык форуму Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген КМШ өлкөлөрүнүн Канттагы авиабазанын ачылышына туш келгени эле көп нерсени ачыкка чыгарып отурбайбы. Орусиянын президенти Владимир Путин “Орто Азия биз үчүн өзгөчө маанилүү аймак. Ал жердеги жагдай туруктуу, бирок да жөнөкөй эмес” деп, бул маселе экономикалык жагынан кыйла бакубат өлкөсү үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса көрсөткөнү бекеринен эмес.

Орусия менен экономикалык алака-катышты жакшыртуунун Кыргызстан үчүн да утуш алаар жактары бир топ. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, өткөн жылы түз инвестиция тартуу Кыргызстандын экономикасынын 19% түзүп, жалпы көлөмү 107 млн. долларга чыкты. Бул ички дүң продукция өндүрүшүнүн 7% барабар. Кыргыз өкмөтү түз инвестицияга өзгөчө үмүт артып отурушунун себебин өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү максаты менен түшүндүрөт. Маселен, айыл чарбасы жалпы өндүрүштүн 36% түзгөнү менен, анын экспорттогу үлүшү 10% тегерегинде экенин президент А.Акаевдин атайын белгилеген жайы бар.