Иран өзөктүк куралды таркатпоо тууралуу кошумча протоколго кол коёт

Бул жөнүндө эл аралык Атомдук Энергетика Агенттигинин жетекчиси Мохамед эл-Барадейи билдирди. Тегеранда бүгүн журналисттер менен жолукканда эл-Барадейи буларды кошумчалады:

– Биздин директорлор кеңешинде мен ноябрда отчёт берем. Ага чейин жылыш болушу керек. Дал азыр алга жылыш керек экенине мен абдан ишенем.

Бириккен улуттардын өзөктүк агенттиги Иранга жашыруун өзөктүк программасы жок экендигин далилдөөгө 31-октябрга чейин мөөнөт берген.