УКРАИН ПРЕМЬЕРИ ВАШИНГТОНДО СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗДҮ

Кечээ кечинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтондо украин премьер-министри Виктор Янукович менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана Ирактагы кырдаал тууралуу талкуулашты. Ушул тапта Украинанын 1600дөй жоокери Иракта эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн катарында кызмат кылууда.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен украин премьери Виктор Януковичтин сүйлөшүүсү маалында өз ара кызматташтык маселелери гана талкууланып тим болгон жок. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Ричард Баучердин айтымында, Украинадагы адам укуктарынын абалы да сүйлөшүү маалында көз жаздымда калган жок:

- Мамлекеттик катчы Украинадагы демократиялык жараяндын илгерилеши жана адам укуктарынын сакталышы олуттуу мааниге ээ экенин да баса белгиледи. 2004-жылы президенттик шайлоону ачык, эркин жана адилет өткөрүү жана басма сөз менен сот бийлигинин көз каранды эместигин чыңдоо - өзөккү мааниге ээ маселелер экенин Пауэлл таасын айтты.

Баучер мырза, ошондой эле, Иракка киргизген аскер саны боюнча Украина төртүнчү орунда тураарын да эскертти.

Бир чети, Вашингтон расмий Киевге Ирактагы кызматташтыгы үчүн буга чейин эле ыраазычылык билдирсе, экинчи чети, мурдагы Саддам Хусейндин өкмөтүнө радардык жабдууну тымызын сатууга далаалаттанган жана эркин басма сөздү куугунтукка алган деп, Киевди айыптап келген эле. Премьер В.Януковичтин иш сапары эки өлкөнүн солгундай түшкөн мамилелерин жөндөөгө багытталган кезектеги кадам болуп калды десек болот.

Жорж Уокер Буштун өкмөтү Украинанын 2004-жылы Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүккө өтүүсү үчүн өз тарабынан көмөк көрсөтүүгө убада кылганы да айтылууда. Айтмакчы, бул уюмга мүчө Кыргызстан Украинадан 1990-жылдардын башындагы ири карызын төлөөнү талап кылып, бул маселени Украинанын Дүйнөлүк Соода Уюмуна өтүү маселесин добушка салаарда эске алаарын жакында билдирген.