ЕККУ Варшавада адам укуктары боюнча жылдык жыйынын өткөрүүдө

БИШКЕК. Варшавада бүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) адам укуктарына жана эркиндиктерине арналган жылдык жыйынын баштады. Жыйын эки аптага созулмакчы. Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын маалыматына караганда, жыйынга Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын жана эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышууда. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов баштаган расмий делегация жыйынга катышканы Варшавага эртең барат. Бул тууралуу маалымат кыргыз өкмөтүнөн алынды. ЕККУнун Бишкектеги борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын өкүлдөрүнөн тышкары бул жыйынга ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Айдын Идил да катышат.