ТООЛУУ АЛТАЙ МУЗЕЙИ

Султанаалы Арстанбек, Бишкек Кыргыздар менен алтайлыктардын тилдик жакындыгы 80-85% түзөөрүн филологдор аныкташкан. Ал эми тарыхый жактан алардын ортосунда канчалык жакындык бар?
Тоолуу Алтай Республикасынын түпкүлүктүү калкынын алтымыш миңге жетип-жетпеген аздыгына карабай, бул эл байыркы бабаларынын турак кылган тарыхый жайын сактап калган. Андагы көөнө материалдар топтолгон Анохин атындагы мамлекеттик музей кыргыз-орус тарыхчыларынын чалгындоо экспедициясынын мүчөлөрүнө өзгөчө таасир калтырды. Анда байыркы жана орто кылымдардагы жашоо-тиричиликтен кабар берген археологиялык-этнографиялык казылмалардын табылгалардын топтомдору бар. Өзөгү бир эки элдин азыркы ажырымы Алатоо менен Алтайга чейинки аралык гана болуп тургандай. Көчмөн жашоонун демин сездирген музейдеги экспонаттардын ар биринде көрүнөө да, көмүскө да кыргыз тарыхынын көрүнүп турушу өзгөчө кыргыз тарыхчыларынын өтө чоң кызыгуусун жаратты. Тарых илимдеринин кандидаты Олжобай Каратаев музейдеги жалпы экспонаттар жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат берди:

- Музей өзү негизинен өтө чоң эмес. Ошого карабастан, ал жердеги жыш кездешкен материалдык маданияттын үлгүлөрү кыргыздардын Алтай менен байланыштарынан так маалымат берет. Кыргыз-Алтай байланыштары өзү теги жагынан биздин замандын баш чендерине чейин кетип атат. Анткени бул жердеги алтайлыктар теги жагынан байыркы Энесай кыргыздарынын, биздин ата-бабалардын түз тукумдары болуп эсептелет. Өзгөчө кыргыздарга жакын болгону - түштүк алтайлыктар, алтай кижи, маймалар, кыпчак жана мундуз уруктары. Булар теги, чыгышы жагынан так эле ушул бүгүнкү кыргыздардын түз тукумдары болуп эсептелет. Ал эми этнографиялык жактан караганда түндүк жана түштүк алтайлыктардын айрым өзгөчөлүктөрү бар. Алар антропологиялык жактан гана эмес, тили, материалдык турмушу жагынан, чарба жүргүзүүнүн ыкмалары жагынан да айырмаланып турушат. Ал эми биз өтө терең изилдеген түштүк алтайлыктарды өз көзүбүз менен көрдүк. Булардын теги, маданияты, жашоо образы, чарба жүргүзүшүнүн ыкмалары кыргыздар менен түз дал келет.

Бүгүнкү кыргыз тарыхчыларынын тарыхты тактоодогу таянычтарынын бири эн тамгаларды ажырата билүүдө жаткандыгы белгилүү. Курамында алтайлык кишилер аталганы менен найман, төөлөс, кыпчак, төөдөш, мундуз жана башка уруулардын өкүлдөрүнүн ар бири өзүн уңгулуу журт ээси катары эсептей турганын көрдүк. Музейде сакталган эн тамга куралдарына токтолуу менен, кыргыз эн тамга таануучусу Олжобай Каратаев буларга токтолду:

- Кыргыздар сыяктуу эле алтайлыктарда да эн тамга белгилери бүгүнкү мезгилге чейин сакталып келет. Өзгөчө түштүк алтайлыктардын курамындагы найман, кыпчак, төөлөс, мундуз жана башка уруулардын эн тамгалары ошондой аталыштагы бүгүнкү кыргыз урууларынын эн тамгалары менен түз аналог болуп эсептелет. Бул болсо ушул уруулардын жалпы кыргыз этносу менен түз этногенетикалык байланыштарын чагылдырат.

Бул музейде сакталган тарыхый-этнографиялык, археологиялык баалуулуктарды иликтөө - кыргыз тарыхына кызыккан адистердин кечиктирилгис милдети. Кыдырууда жүргөн кыргыз-орус окумуштууларынын чалгындоо экспедициясынын мүчөлөрү ушундай пикир айтышты.