ООГАНСТАН: СПОРТ АЯЛДАР ҮЧҮН ТЫЮУ САЛЫНГАН ТЕМА

Баян Жумакадыр кызы, Прага Ооганстанда аз-аздап болсо да аялдар коомдук турмушка аралашып жатышат. Талибан бийлиги кулагандан бери кыздардын көптөгөн мектептери кайрадан ишке киришип, кыз- келиндер үчүн билим алуу жана кесип үйрөнүү мүмкүндүгү пайда болду. Ооганстанда кыздар үчүн алгачкы спорттук ийрим ачылып, алгачкы ооган кызы эл аралык спорттук мелдешке катыша баштады. Ошентсе да аялдарды коомдук турмушка тартуу көп кыйынчылыктар менен жүрүүдө.
Ооганстандын "Жаштар клубунда" кыздар үчүн таэквондо боюнча атайын ийрим ачылып, анда жаш спортчу, 17 жашар Махбуба Резанинин жетекчилиги менен 13 кыз машыгат. Баары болуп 300дөй улан катышкан жаштар клубунда Махбуба жетектеген таэквондо ийрими кыздар үчүн ачылган жалгыз секция. Өткөн жумада ооган полициясы бул ийримди жаап, анын катышуучуларын кубалап таркаткан. Клубдун башчысы Саийд Жавад Хусани ачууланган полиция кызматкерлери клубдун катышуучуларын сабап, клуб имаратын кадимкидей кулпулап салышканын айтат.

"Биз 23 жыл бою динибизди сактап калуу үчүн каны- жаныбызды берип, урушканбыз. Динибизге акаарат келтиргенге жол бербейбиз!" - деп жаалданган полицейлер. Ошентип, Ооганстанды 6 жыл бийлеген түркөй талибандын басмырлоосунан кутулуу оңой болбосу дагы бир жолу айгине болду.

Өкмөттүн укук мекемеси болуп саналган полициянын мындай жүрүм-турумунда таң калаарлык нерсе жок. Ооганстанда Хамид Карзай баштаган секулярдык өкмөт орноду дегени менен, өкмөт мекемелеринде эски режимдин адамдары иштешет. Жер-жерлерде болсо толугу менен акимдер бийлик жүргүзүшөт. Ушул себептен Ооганстанда аялды активдүү коомдук турмушка аралаштыруу өтө татаал болууда. Күндүр-түндүр адеп-ахлактын кароолчуларынын аңдуусунда жашап, кенедей катаачылык үчүн таяк жеп, жалкып калган аялдар ачылып жаткан мектептер менен ийримдерге баш баккандан коркушат. Аялдарды коомдук турмушка аралаштыруу боюнча саамалыктардын демилгечилери - негизинен чет элде жашап келген ооган качкындары болууда. Мисалы, биз сөз кылып жаткан спорттук клубдун негиздөөчүсү Сайид Жавад Хусани жана кыздардын таэквондо ийриминин машыктыруучусу Махбуба Резани экөө тең көп жыл Иранда жашап келишкен.

Мындан 10 чакты күн мурда спорттук клуб анын тарбиялануучуларынын алгачкы спорт оюндарын көрсөткөн. Спортчулардын ичинде таэквондо менен машыккан кыздар тобу да бар эле. Башына жоолуктарын бүркөй салынып, таэквондо костюмдарын кийишкен кыздар биринчи жолу эл алдына чыгып, таэквондо күрөшүнүн ыкмаларын көрсөтүшкөн.

Оюндар Ооганстанда жайгашкан Эл аралык Медиа жана Маданият Борборунун колдоосу менен өткөрүлгөн. Оюндарды Ооганстандын Маалымат жана маданият министринин орун басары Абдул Хамид Мобарез ачып, мындан болгону бир жыл мурда мындайды элестетүү да кыйын болгонун, эми Ооганстанда минтип алгачкы спорттук клуб иштеп жатканын сыймыктануу менен баяндаган. Ошону менен катар ал аялдарды коомдук турмушка тартууда дагы эле көп тоскоолдуктар бар экенине жана бул татаал жараян бир эле күндүн ичинде ишке аша койбосуна басым жасаган.

Бул жерден, бул татаал процесске диний адаттар эле эмес, айрым чиновниктердин саясий амбициялары менен эркектердин үй-бүлөөдөгү кадыресе үстөмдүгү жолтоо болуп жаткандыгын айтуу керек. Биз сөз кылган жаштар клубунун жетекчиси Хусани менен анын ортоктору - негизинен хазара улуттук азчылыгынын өкүлдөрү. Клубдун гезитинде жарыя кылынган макалалардын биринде алар Ооганстандын коргоо министрин саясий бийликти монополдоштуруп алганы үчүн сындап, өкмөттөн өзүм билемдик менен бийлик жүргүзгөн жергиликтүү акимдерди ооздуктоосун талап кылышкан эле. Ошон үчүн өкмөттүн колдоосу менен иштеп жаткан клубдун капилет эле жабылып калышы клубдун басылмасында жарык көргөн сын макала менен байланышы бар болушу мүмкүн.

Биз сөз кылган таэквондо клубунун кыздарынын көбү да “Вашинтон Пост” гезитинин кабарчысына ийримге атасы менен эркек бир туугандарынын уруксаатын сурабастан келип жатышканын баяндашкан. Кыздарынын кайда барып жатканына шек туудурбас үчүн энелер клубга кыздарын өздөрү ээрчитип келип, өздөрү алып кетишет экен. Кыздын билим алып, ар түрдүү ийримдерге катышуусу жөнүндөгү маселе чогуу-чараан чечилбестен, кыз менен эненин купуя сыры болуп кала берип жатканы аялдарды коомдук турмушка катыштыруу жараянына эркектер кедерги болуп жатканын айгинелейт.