КЫРГЫЗСТАНДА СПИДге КАРШЫ КҮРӨШКӨ ЖЕТИШТҮҮ КАРАЖАТ БӨЛҮНБӨЙТ

Жакында Дүйнөлүк Банк «СПИД алааматынын алдын алыш үчүн Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын өкмөттөрү саясий эрк көрсөтүүгө тийиш» деп билдирди. Мурдагы советтик республикаларда СПИД илдети өтө тездик менен тарап баратканына карабастан, бул өлкөлөрдүн казынасынан ооруга каршы өтө аз каражат бөлүнөт.
Башка постсоветтик өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да иммундук таңкыстыкты жараткан ооруга жана СПИДге чалдыккандардын саны соңку жылдарда өтө тездик менен өсүп баратат. Ошого карабай, бул илдеттин алдын алууга жана аны дарылоого мамлекеттик казынадан өтө эле аз каражат бөлүнүүдө. СПИДге каршы күрөш боюнча республикалык бирикменин эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Айгүл Исмаилованын айтымында, эгер жыл сайын илдетке каршы күрөшкө 100 млн. доллар сарпталса, мамлекет ал чыгымдын 1% гана жапканга жардам берет.

- «СПИДге каршы күрөшкө» деп мамлекет бир жылда 100 миң доллардай каражат бөлөт. Ал эми бул ишке 100 млн. доллардай акча зарыл. Ошондо, өкмөт чыгымдын 1% гана бөлгөн болот, - дейт Айгүл Исмаилова.

Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча, Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринде ушул тапта 1 миллионго жакын адам бул оорудан жапа чегүүдө. Жагдай ушул калыбында улана берсе, алардын саны 10 жылдан кийин 8 миллионго жетээри айтылууда. Азыркы кезде Орусияда СПИДден ай сайын 500гө жакын адам каза табат.

Айгүл Исмаилованын маалыматына караганда, иммундук таңкыстык жараткан ооруга жана СПИДге чалдыккандардын саны Кыргызстанда жыл өткөн сайын өсүп баратат. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата өлкө боюнча алардын саны 453 адамга жетти. Бул оорудан каза тапкандар да жок эмес.

- Кыргызстанда бул ооруга чалдыккандардын саны 1987-жылдан 1996-жылга чейин 53 киши деп эсептелип келген. 2001-жылы, бир эле жылдын аралыгында 149 киши катталган. 2002-жылы дагы 160 оорулуу каттоого алынган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 8 айында 91 оорулуу аныкталды. Ошентип, азыр ВИЧ-инфекцияга жана СПИДге чалдыкан 453 оорулуу бар, анын 381и - биздин өлкөнүн атуулдары. СПИД менен 13 киши ооруп , алардын ону көз жумду, - дейт Айгүл Исмаилова абалдын оорлугун белгилеп. Анын айтымында, былтыртан бери СПИД менен ооруган 5 аял көз жарды. Алар төрөгөн наристелердин бул ооруга чылдыкканын же ден-соолугунун тазалыгын аныкташ үчүн 2 жылга чейин ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов болсо «абал соңку жылдарда көзөмөлгө алынып, жакшы жылыштар болуп атат» деген пикирде.

- СПИДге каршы күрөштүн абалы жакшы деп ойлойм, - дейт министр. - Анткени акыркы жылдарда СПИД менен ооругандардын саны өскөн жок. СПИДге каршы күрөш боюнча эл аралык фонд Кыргызстанга 17 млн. доллар бөлүп жатат. Акча октябрь-ноябрь айларында келип калат. Бул каражатты иштетсек, абал азыркыдан да жакшырат деген ойдомун.

Миталип Мамытовдун маегинен маалым болгондой, СПИД илдетине каршы күрөшкө жумшалуучу каражаттын көбүн кыргыз өкмөтү эмес, СПИДге каршы күрөш боюнча эл аралык фонд көтөрүүдө. Бирок биз жогоруда белгилегендей, Дүйнөлүк Банк «мурдагы совет республикалары да өз казынасынан бул ооруга каршы күрөшкө акча бөлүүгө тийиш» деп эсептейт. Мисал катары Дүйнөлүк Банк СПИД илдетине чалдыккандардын саны Орусияда Британиядагыга караганда 20 эсе көп экенин эске салат. Бирок, Орусия Британия жумшаган каражаттын бир бөлүгүн гана чегерген.

Жогорку Кеңештин депутаты, кесиби дарыгер Ташболот Балтабаев «СПИД илдетине каршы күрөштү баңгизатка жана денесин саткандарга каршы күрөшүүдөн башташ керек» деген пикирин айтат.

- Маселенин тамыры башкада. Баңгизат менен, сойкулук менен күрөшүш керек. Башкача айтканда, кесепеттин эмнеден келип чыгып жатканын билишибиз керек. Азыркы статистикалык маалыматтар жакшы боло бериши мүмкүн, бирок 10 жылдан кийин өтө оор абалда калышыбыз ыктымал, - деди Ташболот Балтабаев.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстандын күч органдары өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн ооган баңгизатынын 1% гана кармашат. Бүгүнкү күндө 6000ге жакын баңги ырасмий каттоодо турат. Талдоочулар «алардын чыныгы саны 10-15 эсе көп» дешет. Ал эми СПИД жана иммундук таңкыстык оорусуна чалдыккандардын 80-90% баңгилер. Ошентип, баңгилердин саны, ага жараша СПИД илдетине чалдыккандардын катары да калыңдап келет.

Айтор, мындан бир топ жыл илгери аты-жыты белгисиз бул оору кыргыз кыртышына да тамырлап бараткандай. Адистердин айтымында, аны энесинин курсагында жатып эле СПИД оорусуна чалдыгып, төрөлгөн наристелер да айгинелеп турат.