КОМПЬЮТЕРДИ КЫРГЫЗЧАЛАТУУГА УБАКЫТ ЖЕТТИ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан гана компьютерди эне тилге өткөрүүгө кирише элек. Мисалы, Нурсултан Назарбаев өз жарлыгы менен бул ишке 2 млн. доллар бөлдүргөн. Кыргызстандын жетекчилиги коомду компьютерлештирүү маселесин көтөрүп келгени менен, аны эне тилге ылайыкташтыруу жаатында кеп козгой элек. Кыргыз технологиялык университетинин окутуучусу Эмил Асанов 7 жыл тынбай иштеп, компьютерди кыргызчалаган программаларды иштеп чыкты. Журналист Жаныбек Жанызак, компьютер адиси Эмил Асанов, депутат Өмүрбек Текебаев сыяктуу замандаштар ушул олуттуу маселени коомчулук алдына коюп келишет.
Кыргызстандын калкы азырынча бүт бойдон компьютерлүү боло элек. Бирок журттун каймагы болгон интеллигенция өкүлдөрүнүн бала бакчадагы балдарынан бери компьютердин түшүн жоруп калды. Бара-бара ар бир кыргыздын үйүндө компьютер боло турган учур да жакындап келатат.

Компьютердин маңдайында отурган шаардыктардын көбү кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алышпайт. Ал эми компьютерди билиш үчүн азырынча эне тилдин зарылдыгы жок. Казакстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекстан өңдүү мамлекеттерден айырмаланып, Кыргызстанда компьютерлер кыргызча арипти тааныбайт. “ө”, “ү”, “ң” сыяктуу тамгаларды кошумча жасатып алып иштегенге мажбурбуз.

Компьютерди мыкты билген, бул жумушту мамлекеттин колдоосун күтпөй эле жасап аткан адистерибиз бар. Кыргыз технологиялык университетинин окутуучусу Эмил Асанов компьютерди кыргызчалаган программаларды иштеп чыккан. 18-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаев экөө маалымат жыйынын өткөрүштү. Эмил Асановдун айтымында, ал компьютерди толук кыргызчалап чыкты. Ал түзүп чыккан программалар кыргызча текстти эч кыйынчылыксыз чет мамлекеттерге жөнөткөнгө, катасын оңдогонго, терминдердин кыргызча котормосун тапканга жардам берет. Жакшы жери - кириллица арибинде жазылган кыргызча текстти дароо латын арибине которууга болот. Бирок кыргызча жазуулар так өзүндөй окула берет.

Эмил Асановдун айтымында, өлкө коңшу мамлекеттерден артта калды. Мисалы, Нурсултан Назарбаев 1998-жылы эле компьютерди казакча “сүйлөтүүгө” 2 млн. доллар бөлдүргөн.

- Казакстан эчак компьютердик технологияларды казакчага өткөргөн. Өзбекстан да киришти эле, бирок латын арибине өтүү менен бир аз кармалып калды. Кыргызстандын болсо таптакыр оюна келбегени ардантат. Бул – баарыбызды ойлонтушу керек. Азербайжандардын колунда мунайзат кору, акчасы бар, бирок ошону жасап берчү адистери жок. Бизде мыкты адис балдар көп. Алар жумуш таппай аргасыз Орусияга, Казакстанга иштеп кетип атышат, - дейт Эмил Асанов.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Алардын сунушу боюнча мыйзамдын 3- жана 17-беренесине толуктоо киргизилгени жатат. Эгер аны парламент кабыл алса, компьютерлер кыргызчаланмайын сатыкка чыкпайт. Депутат Ө.Текебаевдин айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйыны бул долбоорду бир айдын ичинде карайт:

- Мисалы, мамлекеттик кызматкерлер же алардын катчы кыздары кыргызча кат жаза албаса, компьютер жардам берет экен. Катасын оңдоп берет экен. өкмөткө ушул нерсенин зарылдыгын түшүндүрүп, коомдук пикирди түзүп коюшубуз керек. “Мамлекеттик тилди сыйласаң, ушуну ишке ашырыш керек” дегендей бир пикирге келип, мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. “Эгер кыргызчаланбаса компьютерди сатууга уруксат жок” деп мыйзамга өзгөртүү киргизген атабыз. Компьютерлердин баасы көп болсо 1-2%га кымбатташы мүмкүн. Бирок бара-бара баалар кайра өз калыбына келет.

Тилчи-окумуштуулар бул демилгени кубанып колдоп атышат. Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору Токтосун Акматовдун оюнда, бул жаңы кадам кыргыз тилинин кадырын көтөрүүгө жана эне тилин унутуп бараткандарга кыргыз тилин үйрөтүүгө көмөкчү болмокчу:

- ”Киргиз” болуп калгандар да жаңы компьютердик технология аркылуу эне тилинде дүйнө менен байланышса болоорун өз көздөрү менен көрсүн.

Кыргызчалатуу боюнча программаларды иштеп чыккан Эмил Асановдун айтымында, мындай демилгени жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттен чоң деле каражат талап кылынбайт. “Буга чейинки ишти өзүм кылдым, эми мындан кийинкилерге бир аз колдоо кылып коюшса”, - дейт Асанов. Бул жерде эң негизгиси - мамлекеттик саясат жана колдоо керек. Компьютерге эне тилди киргизмейин, ага карата мамилени да өзгөртүш кыйын. Себеби, азыр өзүн билимдүү деп эсептеген ар бир адам компьютер менен иш кылат. Мисалы, Казакстандын “өсүп-өндүм” деген жаштары Интернетти казакча, Түркияныкы - түркчө окуп, электрондук почта аркылуу өз тилинде ээн-эркин кат жазышууда.

Жаныбек Жанызак сыяктуу адистер болсо кыргыз тилин латын арибине кайра өткөрүү маселесин да компьютер доорунун зарыл чараларынын бири катары сунуш кылууда.