КМШнын ФИНАНСЫЛЫК КӨЗӨМӨЛ ОРГАНДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КЫРГЫЗСТАНДА ЖЫЙЫН КУРУП ЖАТЫШАТ

Сапар Орозбаков, Бишкек 3-сентябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилеринин кеңешинин IV сессия ачылды.
КМШ өлкөлөрүнүн эсеп палаталарынын жетекчилеринин кеңешинин сессиясы 3 күнгө созулуп, анда жетекчилер мамлекеттик жана бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын текшерүү боюнча тажрыйба жана маалымат алмашышат, биргелешкен жана жанаша текшерүү иштерин жүргүзүү тууралуу макулдашышат. Сессияга Беларусь, Өзбек жана Түркмөн республикаларынан башка өлкөлөрдүн эсеп палаталарынын төрагалары бүт келишкен. Орусиянын делегациясын анын Эсеп палатасынын төрагасы Сергей Степашин баштап келген. Сессияны Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Азамат Кангелдиев ачып, Эл өкүлдөр жыйынынын спикери Алтай Бөрүбаев жана Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Мисир Ашыркулов куттуктоо сөзүн сүйлөштү. А.Бөрүбаев каражаттары үнөмдөөдөгү эсеп палатасынын ролуна токтолду:

- Биз, парламентирийлер, мамлекеттик жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөөдөгү финансылык көзөмөл органдарынын ролун жогору баалайбыз. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттери мамлекеттик финансылык көзөмөл органдарынын бүтүмдөрүн жана сунуштарын кунт коюп угушуп, өз иштеринде пайдаланышат. Силер өзүңөрдүн ички проблемаңардын алкагында кала бербей, маалымат жана тажрыйба алмашып, ушундай кеңеш курганыңар мени кубандырат. Бул силердин КМШ өлкөлөрүнүн интеграциясына кошкон зор салымыңар болуп эсептелет.

Сессияда эсеп палаталарынын жетекчилери бюджеттик акчалардын пайдаланылышын текшерүүнүн жаңы жолдору жөнүндө пикир алышмакчы. Алар бүткүл дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп келген «натыйжалуулуктун аудити» аттуу ыкманы ишке киргизүүнүн жолдорун талкуулашат. Бул ыкма туралуу Кангелдиев мындай деди:

- Биз үчүн азыркы чоң маселе «натыйжалуулуктун аудитине» өтүү болуп эсептелет. Биз азыр илгерки ыкмалар менен текшерүү жүргүзөбүз. Текшерүүгө барып, цифраларды карап көрүп, «тигиндей же мындай финансылык мыйзам бузуулар бар» деп айтып жатабыз. Маселе анда эмес. Маселе акча кандай натыйжа берип жаткандыгында. Ал акча өзүнүн максатына жетип жатабы, элге жеттиби, пайда берип жатабы – суроо ушундай коюлушу керек. «Натыйжалуулуктун аудити» ошол суроолорго жооп берүүгө жардам берет.

КМШ өлкөлөрүнүн финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилери Бишкектеги жыйында бир гана келишимге кол коюшат. Ал – биргелешкен жана жанаша текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу келишим. Ал эми Сергей Степашин сессияда каралчу маселелерге токтолду:

- Биз биргелешкен жана жанаша текшерүүлөрдүн айкын формалары жөнүндө сүйлөшөбүз. Анткени, ачык эле айталы, экономика, бажы, мунай, электр энергиясы, аскердик-техникалык кызматташуу багыттарында иштелип чыккан долбоорлор, тилекке каршы, көп учурда алга жылбай жатат. Ошондуктан бул чөйрөлөрдө биргелешип иш жүргүзөлү деп чечтик. Азамат Кангелдиев Кыргызстан менен Орусиянын эсеп палаталары биргелешип Кыргыз-Орус (Славян) университетин текшеришкенин билдирди. Анын айтымында, мунун жыйынтыгы тууралуу да пикир алмашуу болот.

КМШ өлкөлөрүнүн финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилеринин кеңеши 2000-жылдын ноябрында түзүлгөн. Бирок КМШнын уставында мындай орган каралган эмес. Ошондуктан алар уставга өзгөртүү киргизип, кеңешти мыйзамдаштыруу маселесин КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин алдына коюшмакчы.