Кошмо Штаттарынын финансы министри Жон Сноу шаршемби күнү Бээжиндеги эки күндүк сапарын каарытты. Сноудун визити учурунда Кытай жетекчилиги улуттук акча юандын кубатын рыноктогу суроо-талап аныктоосу шарт экенин мойнуна алышты. Бирок, Бээжиндин юанды АКШ долларына “бекем байлоо” саясаты качан токтотулары так айтылбады. Талдоочулардын айтымында, арзан юань кытайлык товарлардын эл аралык базардагы өтүмдүүлүгүн жогорулатып, миллиондогон адамдарды жумуш менен камсыздайт.
Финансы министри Жон Сноудун Кытайдагы эки күндүк иш сапарына Кошмо Штаттарынын өнөр жай жумушчулары жана соода жетекчилиги чоң ынтаа менен көз салып турушту.
Себеби, дүйшөмбү күнү президент Буш анын администрациясы жаңы иш орундарын түзөт деп убада берген болчу.
“Биз соода тармагында адилеттик сакталат деп үмүт кылабыз. Адилеттүү эрежелер бузулбаса, биз ким менен болсо да атаадаша алабыз деп ишенебиз”,- деген президент Буш. Ал, ошондой эле, өнөр жай ишканаларынын муктаждыгына жардамдашуу үчүн соода министрине дагы бир орун басар дайындалат деп билдирген.
Жорж Буштун администрациясы, Германиянын ДПА агенттиги байкагандай, “адилет соода эрежеси” деген сөздү биринчи кезекте Кытайга тиешелүү.
Анткени, АКШнын Кытай менен болгон соодадагы дефицит-тартыштыгы “Вашингтон Пост” гезитинин маалыматы боюнча, 100 миллиард доллардан ашып кеткен.
Анын кесепетинен акыркы үч жылда америкалык ишканалар 2 миллион 600 миңге жакын жумуш ордун жапкан. Ал эми америкалык текстилчилер менен эмерек жасоочулар болсо Кытай акчасы юандын кубаты аз эле дегенде 40 процентке кем бааланган, ошондуктан, биздин продукциябыздын кытай товарлары менен атаандашуусу мүмкүн эмес дешип, Бээжинге кысым жасап, юанды долларга бекем байланынын токтоттурбаганы үчүн Акүйгө нааразы.
Япония да Кытай өкмөтүнүн юанды 1995-жылдан бери АКШ долларына бекем көгөндөп, анын наркын доллар менен кошо өзгөртүп турганына кыжаалат.
Япониянын финансы министри Масадзюро Сиокава дүйшөмбү күнү Токиодо Жон Сноу менен кездешкенден кийин Бээжинди юанды арзандатууга мажбурлоо зарыл экенине көңүл бөлгөн.
Жон Сноу шаршемби күнү Кытай Борбордук банкынын төрагасы Чжу Сяочуан менен кездешкенден кийин жасаган билдирүүгө караганда, Кытай тарап юаянды акырындап эркин койо берүү зарыл экенин моюнуна алган. Бирок, анын так мөөнөтүн айткан эмес.
“Кытайдын улуттук акчасын келечекте ийкемдүү кылабыз деп кайрадан ишендиришкени мени өзгөчө кубантты”,- деп билдирди Сноу кабарчылар менен шаршемби күнү болгон кездешүүдө.
Ушу тапта 8,3 юань 1 АКШ долларына барабар.
Кытай премьер-министри Вен Цзябао да Жон Сноу менен бир аз кийин болгон кездешүүдө бул сөздү ырастады. Бирок, ал юандын алмашуу системасы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана тышкы кирше-чыгашага карап өзгөртүлөрүн айтып, “Реминбинин алмашуу курсунун туруктуу болуусу Кытай жана АКШ үчүн пайдалуу”, деп эскертти.
Ремниби кытай тилинде улуттук акча дегенди түшүндүрөт.
Кытайлык илимпоз-экономист Ю Цзянронг ремниби эрте дегенде 10 жылда эркин көйө берилиши ыктымал деп божомолдойт.
Азыр Кошмо Штаттарында калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 6, 2 проценти ырасмий түрдө жумушсуз. Бул 1990-жылдардын башындагыдан берки эң бийик көрсөткүч.
14 айдан кийин АКШда президенттик шайлоо. Мындай шартта экинчи мөөнөткө президенттик орунда калууну көздөгөн Жорж Буш үчүн өндүрүшчүлөрдүн таламын жактоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана баалуу кагаздар рыногундагы туруктуулукка жетишүү өтө маанилүү.
Ушундан улам, көпчүлүк талдоочулар АКШнын финансы министринин Кытайга жасаган визитин Жорж Буштун шайлоого карата даярдыгынын чегиндеги иш чара катары баалашты.