Бишкекте «Эркиндик» эстелиги орнотулду.

БИШКЕК. 30-август. Бүгүн Бишкектин Алатоо аянтында «Эркиндик» эстелигин салтанаттуу ачуу аземи болду. Ага премьер-министр Николай Танаев, вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жана башка бийлик өкүлдөрү, Дүйнө кыргыздарынын 2-курултайынын делегаттары, Улуттук гвардиянын аскерлери, Бишкек шаарынын тургундары катышты. Салтанат учурунда мамлекеттик гимн ойнолду. Колодон жасалган, бийиктиги 11 метр, салмагы 7 тоннадан турган «Эркиндик» монументалдык эстелиги Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 12 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата орнотулду. Эстеликтин автору Кыргызстандагы белгилүү бедезчи Тургунбай Садыков. Ушул эле күнү Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова «Азаттык» радиосуна Лениндин эстелигин которуу жөнүндөгү токтомго кол койгон премьер-министр Николай Танаевди жана башка бийлик өкүлдөрүн мыйзам бузгандыктары үчүн сот жообуна тартылышын коммунисттер талап кыла берерин маалымдады.