ЖАШАСЫН ҮЧ ТҮСТҮҮ ТУУ, ЭСИЛ КАЙРАН КЫЗЫЛ ТУУ

Муса Мураталиев, Москва калаасы Бүгүн Орусияда туу майрамы өтүп атат. Ал 1991 жылы август айында чыккан ГКЧП менен болгон кармаштан кийин пайда болгон. Ошол күндөрү, кезегинде Петр Биринчи кабыл алдырткан үч түстүү (триколор) желеги мамлекеттик символго айланган. Саясий элита Орусиянын Туу майрамын демократиялык кайра жаралуунун башатынын майрамы катары баалоодо.
Орусияда майрамдар көп. Август айында эле өлкөнүн расмий белгиленчү 9 майрамы бар. Ошолордун бири - Туу майрамы болуп калды.

Мындан 10 жыл мурда, 1991 жылы 21-августта, Маскөөдө коммунисттик путчка каршы чыккан калайык болуп көрбөгөндөй чоң байракты көтөрүп көчөгө чыккан. Байракты жеңил-желпи көтөрүү мүмкүн болбогондуктан, аны туш-тушунан кармаган канчалаган кишилер катар басып көчөдө жүрүш уюштурушкан. Ак, көк жана кызыл түстөгү жана узундугу - 40 метр, туурасы - 8 метр келген шайы байракты мен да биртике көтөрүшүп, калың журт менен кошо баскамын.

ГКЧП чыккандан эки күн өткөндөн кийин Борис Ельцин Ак үйдүн алдында чогулган элдин алдында сөз сүйлөгөн. Ошондо ал ГКЧПны “мамлекеттик төңкөрүш жасаганы аттанган коммунисттик режимдин чабармандары”, - деп атаган.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев ал кезекте тагдыры белгисиздикке кабылып жаткан. Кийин белгилүү болгондой, көрсө аны ошол көтөрүлүш чыгаргандар Форосто үй камакка олтургузуп салган экен.

Ошондо Ак үйдүн алдынан чубап чыккан миңдеген москвалыктар үч түстүү байракты туш-тушунан кармап алып, Жаңы Арбат көчөсүн бууп өтүп, Кремлди карай агылып жөнөгөн эле.

Баса, ошол август күнү Орусияда алгачкы жолу Петр падыша кезинде кабыл алылган үч түстүү туу Маскөөдөгү Ак үйдүн төбөсүнө көтөрүлгөн болуучу. Кремлдин мунарасында ал күнү мурдагыдай эле коммунисттик кызыл желек илинүү турган.

Ошол күндөрү тигилген орусиялык үч түстүү туу кийин мамлекеттик тууга айланды. Кийин дал ошол күн Мамлекеттик желек тагылган күн делип расмий майрамга айланган. Бирок ал жамы журттун кадырлуу майрамына айланды дешке ооз барбайт.

“РОМИР” борбору жүргүзгөн сурамжылоодон айгинеленгендей, кызыл байракты баштагыдай эле кадырлай тургандардын эсеби 2001-жылы 40 пайызга чукул болсо, үстүбүздөгү жылы азыркы үч түстүү (триколор) туу атажуртка жарашат дегендердин саны сурамжылоого катышкандардын 62 пайызын түзгөн.

Ар жылы август айынын ушул күндөрү 1991-жылкы тарыхый окуяны башынан өткөргөндөр чогулуп, өзүнчө жыйын өткөрүп келет. Алардын бир тобу өзүн “Тирүүлөй алкак болгондор” (“Живое кольцо”) деп аташкан. Кезегинде Ак үйдү коргоого алганга катышкан белгилүү жазуучу Артем Анфиногенов менен сүйлөшкөнүбүздө ал мындай деди:

- Мен Мекенибиздин демократиялык пайдубалын коюп, ага жаңы багыт берген күндөрдөгү окуяларга катышкандыгым үчүн эч кайгырбайм.

Анфиногенов мырза биз менен маегинен соң, ордо шаардагы “Бүкүр көпүрөөдө” өткөнү жаткан “алкакчылардын” быйылкы жолугушуусуна шашып жөнөп кетти.

Кудум 10 жыл мурда өткөндөй, бүгүн да Ак үйдүн босогосунан узап чыккан көпчүлүк Жаңы Арбат кең көчөсүн басып, анан Бак курчанган бульварды кесип өтүп, мындан 12 жыл илгери августтагы кармашта кан төгүлгөн жерге токтоп, зыядат жасап алып, андан ары Кызыл аянттын түндүк-батышын жандай аккан Маскөө дайрасынын үстүнөн өтчү “Бүкүр көпүрөөнүн” түшө беришине токтоду. Ошол жерде чакын жыйын уюштурулду.

ГКЧП тобу жиберген танктарды Маскөөгө киргизбөө аракети менен түнката көчө кайтарып турушкан атуулдардын арасынан Владимир Усов, Дмитрий Комарь, Илья Кричевский август түнү танктын алдына жата калып, баатырларча курман болушкан. Жыйын жаңы Орусиянын ошол үч баатырын эскерди.

Калыстык менен айта кетүү абзел, бүгүнкү “Бүкүр көпүрөөнүн” түшө беришиндеги жыйынга катышкандардын саны абдан аз болду.