ВАРШАВА КЕЛИШИМИНИН АСКЕРЛЕРИ ЧЕХОСЛОВАКИЯГА БАСЫП КИРГЕНИНЕ 35 ЖЫЛ ТОЛДУ

Мурдагы СССРдин жетекчилиги астында Варшава келишимине мүчө өлкөлөрдүн аскерлери Чехословакияга басып киргенине быйыл 35 жыл толду. Чехословакиянын ошол кездеги коммунисттик лидери Александр Дубчектин "Прага жазы" деп атыккан реформалары ушундай жол менен токтотулган эле. Мындан 35 жыл илгерки окуядан Чехословакиянын, дегеле Чыгыш Европанын андан кийинки турмушуна кандай таасир болду? Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн Чехословакияга кол салуусу, балким, коммунисттик түзүлүштүн кулашын тездетти деген пикирлер да жок эмес.
СССРдин жетекчилиги астында Варшава келишимине мүчө беш өлкөнүн 200 миңдей аскери Чехословакияга 1968–жылдын 20-августунан 21ине караган түнү басып киришкен. Аларга бир аз гана каршылык көргөзүлүп, эртең мененге чейин аскерлер бүткүл өлкөнү, анын ичинде башкалаа Праганы да оңой эле оккупациялап алышкан. 1968-жылдын 21-августунда Батыш Германиянын Мюнхен шаарынан "Эркин Европа жана Азаттык" радиосунун чех кызматы өз кабарында төмөнкүлөрдү айткан эле:

- Кечээ, 20-августта кечки саат 11 ченде СССРдин, Польшанын, Чыгыш Германиянын, Венгриянын, Болгариянын армиясы Чехословакия республикасынын чек арасын кесип өтүштү. Бул президенттин, парламент төрагасынын, премьер-министрдин, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Александр Дубчектин уруксатысыз жана макулдугусуз болду.

Аскерлерди киргизүү жолу менен Чехословакиянын ошол кездеги коммунисттик лидери Александр Дубчектин мамлекетти демократиялаштырууга багытталган реформалары токтотулган болчу. 1968-жылдын апрель айында жарыяланып, "Прага жазы" деген ат менен белгилүү болгон ал реформалардын максаты - коомду көзөмөлдөөнү басаңдатуу, цензураны жоюу, сөз эркиндигине жол ачуу болгон.

Александр Дубчек Чехословакияда "адамдын жүзү сакталган социализмди" курууга аракеттенген эле. Албетте, анын мындай демилгелери Москвага жаккан эмес. Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн аскерлери Чехословакиянын чек арасына июль жана август айынын башында эле жакындап келген. Өлкөнүн жетекчилиги реформаларды токтотуу талабы менен Москвадан түшкөн эскертүүлөргө моюн сунбаган соң, аскерлерди киргизүү жөнүндө буйрук 17-августта берилген.

Чет элдик аскерлердин келиши жергиликтүү калк үчүн күтүүсүз болгон. Атүгүл компартиянын лидери Александр Дубчектин өзү да акыркы сааттарга чейин оккупацияга ишенбептир. Аскерлер менен танктар 1968-жылдын 21-августунда таң эртелеп эле Праганын борбордук Вацлав аянтын таптап калышкан. Биринчи эле иш катары чехословак радиосунун обого чыгуусу токтотулган. Бирок, кабарчылардын бир тобу жертөлөдө орнотулган радио жабдуулар аркылуу болгон чындыкты айтып турууга жетишиптир.

Ал эми Александр Дубчек жана аны жактаган реформачылар ошол эле күнү кармалып, сурак берүү үчүн Москвага жөнөтүлгөн. Дубчектин ордуна компартиянын биринчи катчылык кызматына СССР үчүн ылайыктуу деп эсептелген Густав Гусак келди. Көркөмдөп айтканда,"Прага жазын" коштогон кыш 20 жылча созулду. Натыйжада миңдеген адамдар коомдук турмуштан четтетилип, миңдегендери сүргүнгө кетүүгө мажбур болушкан.

Компартиядан куулган соң 20 жылдай Словакиянын токой чарбаларынын бириндеги устаканада иштеген Александр Дубчек 1989-жылкы "Жибек революциясынан" кийин гана саясатка кайтып келип, Чехословакиянын федералдык парламентинин төрагалыгына шайланган. Ал 1992-жылы, 71 жаш курагында жол кырсыгынан каза тапты. Маркум Александр Дубчектин балалыгынын бир учуру Кыргызстанда өткөн. Анда ал Кыргызстанга Интергельпонун курамында ата–энеси менен барган экен.

Айтор, мындан 35 жыл илгери Чехословакияга жасалган кол салуунун Европанын согуштан кийинки тарыхында таасири бар. Бул окуя Советтер Союзу менен Варшава келишиминин, анын бир өнөктөшү катары эсептелген Чехословакиянын ортосунда ажырым терең экенин көргөзгөн. Чех тарыхчысы Карел Каплан:

- 1968-жыл жана андан кийинки окуялар маанилүү рол ойноду. Себеби дүйнөдөгү көпчүлүк адамдар: саясатка кызыккандары да, кызыкпагандары да, Батышта, Чыгыш Европада Чехословакия эмне болгонун билишти. Чехословакия жана "Прага жазы" өз мезгилинде Европанын саясатында да олуттуу рол ойногон. Бирок, менимче, азыр ал тарыхтын маселеси.

Айткандай эле, Чехословакиядагы 1989-жылкы "Жибек революциясы", СССР менен Чыгыш Европада коммунисттик бийликтин кулашы "Прага жазын" тарыхтын энчисине ыйгарды.