БОРБОРАЗИЯ ЭКИНЧИ ИРАК БОЛОБУ?

Эсенбай НУРУШЕВ, Бишкек. Пакистандык белгилүү журналист, Борборазия боюнча таанымал эксперттердин бири Ахмед Рашиддин быйыл жарык көргөн китеби (Jihad. The Rise of Militant Islam in Central Asia.) дүйнөлүк антитеррордук кампаниядан кийин региондо түзүлгөн саясий кырдаалга арналган. Автор негизинен аталган аймактагы радикалдуу эки уюмга - Өзбекстан ислам кыймылы менен “Хизб-ут-Тахрирге” өзгөчө назар салат жана Борборазияны иш жүзүндө куралдуу ислам кыймылдарынын ири очогуна айлана баштады деген тыянак чыгарат. Регионалдык эксперттердин бир даары Рашиддин мындай пикирлеринен Борборазияда геосаясий максаттарды көздөгөн дүйнөлүк күчтөрдүн көөлүсүнө суу куйган ишаараны көрүштү.
Региондогу куралдуу ислам кыймылдарын Ахмед Рашид баарыдан мурда жергиликтүү авторитардык режимдердин туундусу деп эсептейт. Туташ коррупцияланган бийликтердин антидемократиялык, ылгый репрессивдүү саясаты акыры жүрүп күрөштүн ушундай формасына алып келди деп көрсөтөт автор өз китебинде. Ооганстанда антитеррордук операция башталып, анын аркасында бир катар өлкөлөрдө Батыш альянсынын, биринчи кезекте АКШнын аскер бөлүктөрү жайгаштырылганда региондогу оппозициялык күчтөр бул факторго бир кыйла жигерденип, башкаруучу режимдердин кулк-мүнөзү өзгөрөт деп үмүт кылышкан эле. Бирок оппозициянын активдешкен аракети өкмөттөрдүн ого бетер өмгөгүн чыгарды, репрессияларды күчөттү. Натыйжада регион жалпысынан Ооганстандын оролуна түштү: Борборазия иш жүзүндө радикалдуу ислам күчтөрүнүн экинчи ири фронтуна айланып баратат, деп белгилейт Рашид. Кокус алар бу чөлкөмдө саясий үстөмдүккө жетишсе, Рашиддин апаздарына ылайык, Борборазиядагы бейстабилдүүлүк регионалдык гана маанидеги эмес, глобалдык масштабдагы коркунучка айланат.

Регионду мындай кооптуу ыкыбалдан сактап калуу үчүн Рашид Батыш альянсына, биринчи кезекте Кошмо Штаттарына Борборазиядагы режимдердин азыркы саясатын өзгөрткөнгө чечкиндүү түрдө мажбурлоону сунуш кылат.

Пакистандык аналитиктин бу тыянактары региондогу, ошондой эле Россиядагы айрым эксперттердин кескин каяшасын пайда кылды. Мындай пикирди алар исламчыларга каршы күрөштүн капшабы менен региондогу кырдаалга активдүү кийлигишүүгө Батышты тукурган чакырык, атап айтканда, Борборазияга экинчи Ирак вариантын таңуулоо аракети катары баалашты.

Рашиддин сынчылары региондогу ислам күчтөрүнүн активдешүүсүнө соңку он жыл ичиндеги геосаясий күрөштүн өзү олуттуу түрткү болду деген көз карашта турушат. Буга байланыштуу Өзбекстан ислам кыймылы деп аталган уюмга өз кезинде Пакистандын чалгындоо мекемелери кеңири колдоо көрсөткөнү Рашиддин китебинде кенен-кесир сөз болгонун белгилешет. Эми болсо “Хизб-ут-Тахрир” кыймылына сүрөөнчү болгонго, анын борборазиялык өлкөлөрдөгү иш-аракеттерин актап-жактаганга кызыккан геосаясий күчтөр пайда болду. Ушул мааниде алганда, Эл аралык кризис тобунун (ICG) жакында жарыялаган отчету, анда айтылган айрым бир бүтүмдөр, айрыкча ”хизбутчуларды” коңур пейил исламчылар сыяктуу сыпаттаган аныктамалар жергиликтүү эксперттердин өгөй-татай каяшаларына арзыды. Баази бир авторлор эл аралык кризис тобунун отчетун, аны комментариялашкан айрым маалымат каражаттарындагы материалдарды хизбутчулар, жалпы эле ислам активисттери үчүн жасалган “рекламалык ролик” деп аташты.

Ошентсе да көпчүлүк эксперттер Ооганстандагы, андан соң Ирактагы аскери кампаниядан кийин региондо түзүлгөн кырдаалды борборазиялык өкмөттөр өздөрүнүн ички саясатында активдүү пайдаланып жатканын тана алышпайт жана аталган окуялар региондогу режимдердин репрессивдүү мүнөзүн майтарбастан, тетирисинче, күч алдырганын белгилешет. Мунун баарына ат үстүнөн карап, аймактагы өкүмдар өкмөттөрдү өзүнө стратегиялык өнөк кылып алган Батышка, анын ичинде ырасмий Вашингтондун позициясына ичи чыкпаган, атүгүл ачыктан-ачык туталанган маанай акырындап жайылып баратат. Ал эми мындай жагдай Борборазияны бирдиктүү халифатка айлантууну же «ислам социализмин» курууну көздөгөн радикалдарга жага бербей калаары турган сөз.