Ю. Көлбаевдин жесири «Лукойл-Кыргызстандан» каражат өндүргүсү келет

БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук соту «Лукойл-Кыргызстан» биргелешкен ишканасына карата бул ишкананын мурдагы башкы директору Юсуп Көлбаевдин жубайы Чынара Көлбаеванын доо арызынын негизинде соттук териштирүүнү баштады. 1997-жылы 21-мартта өз үйүнүн жанынан атып өлтүрүлгөн Юсуп Көлбаевдин жесири анын үй-бүлөсүнө келтирилген зыянды калыбына келтирип берүүнү жана бир жолку жөлөк пул өндүрүүнү талап кылып, сотко июль айында кайрылган. Юсуп Көлбаев атып өлтүрүлгөнгө чейин бир эле учурда «Кыргызгазмунайзаттын» директорунун орун басары жана «Лукойл-Кыргызстан» биргелешкен ишканасынын башкы директору болуп иштеген. Чынара Көлбаеванын айтымында, сотко «Лукойл-Кыргызстан» ишканасынын өкүлү катышып, ал Юсуп Көлбаевдин ишкананын жетекчиси болгондугун жокко чыгарды. Айрым маалыматтарга караганда, Ю. Көлбаев башкы директорлукка өзү атып өлтүрүлөөрдөн бир күн мурда дайындалган.