Бир карапайым ирактык АКШ аскерлерине тымызын кабар берип, Саддамдын уулдары Удай менен Кусайдын жашырынган жерин көрсөткөн учурдан бери ирактыктардын америкалыктар менен кызматташтыгы артканы кабардалууда. Бирок АКШ аскерлерине кыргый кабак салып карагандар да жок эмес.
Албетте, Саддам Хусейндин уулдары Удай менен Кусайдын, демек, анын режиминин реалдуу мураскорлорунун набыт болушу карапайым ирактыктардын бир далайынын көксөөсүн толтурса, айрымдарынын коркуу сезимин мокотуп, жаңы турмушка өтүүгө шыктандырды. Бирок Саддам өзү эркиндикте кала берүүдө.
АКШ президенти Жорж Уокер Буш июлдун 30унда өткөргөн басма сөз жыйыны маалында Саддам Хусейнди камакка алуу мөөнөтү тууралуу суроого арсар жооп кайтарды:
- Мен Саддам Хусейндин сары изине чөп салып, канчалык ага такымдап калганыбызды билбейм. Менимче, кечээкиге караганда, бүгүн аны кууп жетүүгө жакындап калгансыдык. Мен билген нерсе ушул – биз ага издөө салуудабыз.
Удай менен Кусайдын жашырынган үйүн көрсөткөн кишиге 30 миллион доллар сыйлыгы төлөнүп берилди. Ал эми Саддам үчүн 25 миллион доллардык сыйлык жарыяланган.
АКШнын Борбордук чалгын агенттигинин курал-жарактар боюнча адиси Дэвид Кэйдин оюнча, ирактык окумуштуулар да соңку күндөрү Кошмо Штаттар менен тыгыз кызматташуу жолун тандашты:
- Ушул тапта биз мурда массалык кыргын куралдарын өнүктүрүү программасына катышкан ирактык адистер менен кызматташтыкты, жигердүү кызматташтыкты өрчүтүүдөбүз. Өзүбүз айтып жаткандай эле, бизди шектүү делген жайларга ирактыктардын өздөрү алып барып көрсөтүүдө. Бир катар олуттуу нерселерди таптык. Бирок бул күбөлөндүрчү нерселер нагыз далил экенине көзүбүз жетмейинче, биз аларды ачыкка чыгара албайбыз.
Бирок ирактыктардын баары тең эле АКШ аскерлерине кулач жайып жатат деп айтууга болбойт. АКШнын отун-кубат министрлигинин мурдагы кызматкери, Карнеги корунун өзөктүк куралдар боюнча адиси Жон Волфсталдын эскертүүсүнө караганда, америкалыктарга “каапырлар” катары терс маанайда карагандар өлкөдө дагы эле арбын:
- Төмөнкүнү көңүлгө түйүү арзыйт: Буш өкмөтү бизди ишендирүүгө умтулуп келгендегинин тескерисинче, америкалыктарды ирактыктардын бардыгы тең эле боштондукка чыгаруучулар жана оң иш жасаган күч деп кабылдай бербейт. Нечендеген ирактыктар аларды “каапырлар” жана ”баскынчылар” катары карашат.
Ал жакында “Вашингтон пост” гезити жазган бир окуяны эске салды. Анда бир ирактык киши Кошмо Штаттар менен кызматташ болгон уулун өз колу менен өлтүрүп салганы баяндалган. Үрп-адатка негизделген мындай “сот”, Волфсталдын оюнча, ирактыктарга эле эмес, жалпы эле мусулман калктарынын салтына жатат.
Бирок башка адистер мындай пикирди четке кагууда. Вашингтондогу “Хэритеж” корунун өкүлү Даниел Плетка айымдын оюнча, Саддамдын күнү бүткөнүн, болочок турмуш эми демократиялык Батыш менен байланыштуу болоорун аңдаган ирактыктардын саны күн санап өсүүдө. Алар өткөөл турмушту тез арада артта калтырууга ынтызар, - дейт Плетка айым.