Баткен облусунун маданият кызматкерлери эмгек акысын алалбай келишет

БАТКЕН. Облустук маданият башкармалыгынан 31-июлда алынган маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттен каржыланган маданият кызматкерлерин маяна менен убагында камсыз кылуу боюнча абал Кызылкыя шаарын эске албаганда, облустун башка район, шаарларында начар бойдон калууда. Баткен районундагы маданият кызматкерлери өткөн жылдын октябрь айынан бери, ал эми Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Сүлүктү шаарында бул тармакта эмгектенгендер ушул жылдын январь айынан бери эмгек акыларын алыша элек. Мунун натыйжасында учурда алардын эмгек акы боюнча аласасы 1 млн. 460 миң сомго жетип отурат. Маданият кызматкерлери эмгек акыларын төлөп берүү боюнча жергиликтүү бийликтерге кайрылганынан ушул күнгө дейре эч кандай майнап чыкпагандыктан маданият башкармалыгы облус бийлигине бул маселени тез арада чечип берүүсүн өтүнүп кат жолдоду.