31-августтан баштап мамлекеттик кызматкерлер кызматтык кийим кийүүгө өтүшү күтүлөт

БИШКЕК. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик тармактардын жана мамлекеттик комиссиялардын борбордук аппараттарынын кызматкерлерине кызматтык форма даярдаш үчүн кыргыз өкмөтү 2 млн. сом каражат бөлдү. Мындай маалымат бүгүн кызматтык кийимдерди даярдоо милдетин өзүнө алган Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинен алынды. Министрликтин жеңил өнөр жай бөлүмүнүн кызматкери Капар Алымкановдун айтымында, кийимдердин кездемесин Бишкектеги камволдук-нооту комбинаты токуп жатат жана анын алгачкы бөлүгү 15-августка чейин даяр болушу күтүлөт. Аны «Теским» акционердик коому президенттин жардыгы менен бекитилген бычымга ылайык тигет. Ар бир кийимдин наркы орто эсеп менен 2000 сом болот.