БИШКЕК. НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында Түркиянын Куралдуу күчтөрүндөгү окуу борборунун окутуучулары Бишкекте «Терроризмге жана аткезчиликке каршы күрөш» деген темада офицерлерди окутуп жатышат. Кечээ башталган бул окууга Коргоо министрлигинен 20, Улуттук гвардиядан 10, Ички иштер министрлигинен 10 офицер катышууда. Окутуунун жыйынтыгы менен офицерлер күбөлүк алышат. Сабактар 1-августта аяктайт.