МИҢСУУДАГЫ КЫРГЫЗ МААЛЫМАТТАРЫ

Султанаалы Арстанбек, Бишкек Хакасиядагы Минусинск шаарында Мартьянов атындагы тарыхый-этнографиялык, археологиялык табылгалар топтолгон музей бар. Ал Хакас Республикасынын борбору Абакан шаарынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Музейдеги абалкы кыргыздарга тиешелүү бай материалдар биргелешкен жакында Хакасияга атайын барган кыргыз-орусиялык тарых экспедициясынын курамындагы кыргызстандык тарыхчыларга чоң таасир калтырды.
Мындагы таш балбалдар, үй мүлктөрү, согуштук куралдар, дыйканчылыкка тиешелүү буюмдар бүгүнкү күндө Кыргызстанда табылып жаткан археологиялык материалдар менен бирдей. Бул кыргыздардын байыртан бери эле малчылык менен дыйканчылыкты бирдей өздөштүргөн, канат-бутагы жайылган эл экендигин туюндурат. Көчмөндүк турмуш менен дыйканчылыкты бирдей өздөштүргөн байыркы кыргыздардын тиричилиги жөнүндө этнограф, экспедициянын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанканов мындай дейт:

- Кыргыз эли байыртан көчмөндүк менен жашоо кечиргендиги тууралуу бир топ материалдар бар. Ал эми бул музейдеги экспонаттардан байыркы бабаларыбыз көчмөндүккө мүнөздүү мал чарбасы менен катар дыйканчылыктын сырын да терең өздөштүргөндүгү көрүнөт. Мисал катары, байыркы жана орто кылымдарга таандык соколордун түрлөрүн, ороктордун үлгүлөрүн жана башка бул жерде турган шаймандардын болгондугун көрсөтсөк болот.

Музейдеги материалдар кыргыздарга сыймык алып келээрин белгилөө менен, тарых илимдеринин доктору, Хакасиядагы Мамлекеттик педагогикалык университеттин археология жана этнография кафедрасынын башчысы Виктор Яковлевич Бутанаев буларга токтолгон:

- Биздин доордун VI кылымынын орто ченинен баштап Энесай жана Абакан дарыяларынын ортосунда Кыргыз мамлекети түзүлгөн. Бул мамлекетти хан бийлеп, жер-жерлерде бектер башкарган. Ошондой эле кыргыздарга салык төлөп, баш ийип турган төмөнкү катмардагы элдер - кыштымдар болгон. Ал эми кыргыз мамлекетинин түркүгүн бекемдеп турган, жаратылышынан баатыр мүнөз жоокерлер - өзгөчө атчан эрендерден турган күчтүү армия болгондугу тарыхта белгилүү. Байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар жасаган темир курал-жарактар өзгөчө бааланып, алар тууралуу «асмандан жааган метеориттен жасалган» деген легендалар тараган. Бир убакта согушка катышып турган 200 миңден ашуун жоокерлердин күчү менен 20 жылдык согуштун натыйжасында кыргыздар Уйгур мамлекетин жеңип, 840-жылдары Борбордук Азия мейкиндигине бийлигин орноткон.

Музейдеги экспонаттардын катарында 711-жылы түрктөр согушуп жүрүп шейит кеткен Барсбек баатырдын таржымалы жазылган, бүгүнкү Кыргызстан жана кыргыздар үчүн ири тарыхый байлык болуп эсептелген таш эстелик сакталып турат.