ПРЕЗИДЕНТТИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН ДЕПУТАТ БОЛЧУ ӨКҮЛДӨРҮ ТУУРАЛУУ ЖОРОМОЛ, КЕЛЕЧЕКТҮҮ ПАРТИЯЛАР, ДЫРЫЛДАЕВДИН ЧУУСУ

Кийинки мезгилдерде кыргыз басылмалары Майрам Акаева жөнүндө көп жазышып, анын китептеринен үзүндүлөрдү үзбөй бере башташты. Президентин үй-бүлөсү келерки парламенттик шайлоолорго толугу менен катышчудай. Кыргыз басылмалары «Кумтөр» алтын кени жөнүндө да түрдүү пикирлерди жазышууда. Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин тегерегиндеги ызы-чуу да кыргыз гезиттеринин кызыгуусун арттырууда.
Бул жолу «МСН» гезитинин 18- июлдагы 7-санында Рина Приживойт: «Саясатчылардын божомолу боюнча президентин үй-бүлөсү келерки парламенттик шайлоолорго толугу менен катышчудай. Майрам Акаева дароо президенттикке ат салышпай, алгач өз талапкерлигин Чолпоната шайлоо округу боюнча коюуга азыртан даярдык көрүүдө. Президенттин уулу Айдар Акаев болсо Кеминден шайлоого ат салышчудай, ал эми түндүк облустардан «Жаңы заман» партиясын түзгөн тун кызы Бермет Акаева парламентке шайланып калышы мүмкүн. Күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин ойлогону да депутаттык», деп жазат.

Буга карама-каршы, ““Мээрим” кайрымдуулук фондунун башчысы Майрам Акаева саясаттан алыс болууга аракеттенээрин жана 2005- жылы өткөрүлүүчү президенттик шайлоодо талапкер болуу ниети жок экендигин айтууда”, деп жазат Атыф Ала 18-июлда чыккан “Заман Кыргызстан” гезитине. Ушул эле гезитте Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рүстөмбеков «Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтык жөнүндөгү документтер иштебей кагаз жүзүндө калууда» дейт. «Аптанаама» рубрикасында Абдыкерим Муратов өлкөдөгү коррупцияны издегендер бар экенин, бирок кармалгандары «чабактар» болуп, «киттери» колго түшпөй жатканын талдоого алат.

Кыргыз басмалары «Кумтөр» алтын кени жөнүндө түрдүү пикирлерди айтса, 18-июлдагы «Слово Кыргызстана» гезитинин «В конце недели» жумалык тиркемесинде «Кумтөр голд компани» биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүн жактаган макаланы жарыялады. «7 жылдан кийин «Камеко» корпорациясы “жеңилдетилген айрым салыктардан баш тартабыз” деп атат. Мында казынага 32,5 млн. доллар киреше түшөт. 6 жыл кымбат баалуу металлдын баасы төмөндөп, мындан компания 230 млн. доллар чыгым болду», деп жазат макаланын автору Анара Солтоева.

Ушул«Слово Кыргызстана» жана «Кыргыз туусу» гезиттери Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы өчпөйт» деген китебинин «Үмүтүм - менин үй-бүлөм» деген бөлүмүн 4-5 бетке бакыйтып басышты. Мында Майрам Акаева кыргыздын үй-бүлөлүк салттары, аялдын орду, Аскар Акаев жөнүндө жубайынын жана досторунун пикири, өлкө боюнча саякаттары, балдарды тарбиялоо, уул-кыздары жөнүндө кенири баяндайт.

Бул өкмөттүк басылмалар мамлекеттик «Аларча-4» резиденциясында «Үчүнчү миң жылдыктагы кыргыз мамлекеттүүлүгү: мамлекеттик бийликтин жана жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн жаңы жолдору жана өбөлгөлөрү» деген “өнөктөштүк форуму” жөнүндөгү чиновниктер менен «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликованын ой-пикирлерине орун берди. «Биз 42 партиянын ичинен бул жолугушууга кимдер катыша тургандыгын тандадык. Белгилей кетчү нерсе - жакында эле каттоодон өткөн «Абийир жана прогресс» менен «Жаңы заман» партиялары келечектүү партиялар катары ишенимге арзышты», деп белгилейт «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликова.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын «Демократ» гезитинин кезектеги 7-8-саны 18-июлда окурмандарга сунуш кылынды. Мында коалициянын директорлор кеңешинин чогулушунун материалдары, ой-пикирлер, Кыргызстандын эркин басма сөзүнө болуп жаткан коркунучтар боюнча эл аралык уюмдардын пикирлерине кеңири орун берилди. Бул гезитте Акыйкатчынын иш-аракеттери да кенири баяндалды.

«Бишкек тайм» гезити 18-июлдагы санында Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаев жөнүндө «Кызыл, кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет…» деген сын макаласын басты. «Дырылдаев жок кылган 460 миң доллардын чуусу акыры басылат дейличи. Бирок, Кыргызстанда каалабаган адамдардын укугун зордоп коргомуш эткен мындай «уюмдарга» карата чет өлкөдө терс пикир калыптанып калды десек болот», деп макаласын жыйынтыктайт автор С. Акматов.

Ушул гезитте «Кыргыздын байлары завод-фабрика, комбинат куруп, жумушчу орундарын көбөйтүп, элдин жашоосун оңдогондун ордуна, кабат-кабат там салып, үстү-үстүнө катын алып, калган акчасын байпагына катып басып жатканы бизге жакпайт» дейт «Бишкек таймстын» окурмандары.