ЭНЕСАЙДАГЫ «КЫРГЫЗ ЖАЗЫСЫ» АЙМАГЫ

Султанаалы Арстанбек, Бишкек Хакасиянын борборунан жүз чакырымдай түндүктө байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар жашаган тарыхый аймак бар. Ал азыркыга чейин «Кыргыз жазысы», же болбосо «Кыргыз талаасы» деген топонимикалык ат менен белгилүү.
«Кыргыз жазысы» же болбосо «Кыргыздар конуш кылган жайык» аталган бөксө тоолордун койнунда тулаңдуу аймак бар. Бул жерде миңдеген эскерткич белгилердин бар экендигине тарыхчы окумуштуулар аймакты изилдөө учурунда ынанышты. Чыгыштан батышты көздөй созулган өрөөндүн батыш тарабындагы Шира көлүнүнүн жээгине чейинки бөлүгүн кыргыздар өз мезгилинде жайлоо катары пайдаланып келишкен. Алар бүгүнкү Краснояр–Абакан трассасынын таманындагы эки өзөндүн ортосунда күздөп-кышташкан. Бул туурасында тарых илимдеринин доктору, Кыргызстан тарыхчылар коомунун ардактуу мүчөсү Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев төмөндөгүдөй маалымат берген:

- Биз азыр Каргалык ашуусунун түшө беришинде турабыз. Ушул өрөөндөгү Эрби, (хакасча Чорби) жана Төс (Тесь) өзөндөрүнүн ортосундагы чакан аймак «Кыргыз талаасы» аталат. Ал эми батыш тараптагы «Оңло», же болбосо «Сандык» аталган аймактар, Шира көлүнүн жээктери кыргыздардын жайлоосу болгон. Ал эми бул эки өзөндүн ортосу кыштоо болгондугу белгилүү.

«Кыргыз жазысынын» бүгүнкү күнгө чейин ошол топонимикалык ат менен аталып калышы тарыхты мезгил сүртүп өчүрө албасынан кабар берет. Ал эми кыргыздарга жайлоо болгон Шира көлүнүн жээгиндеги жер-суу аттарын илимпоз Олжобай Каратаев мындайча түшүндүрдү:

- Байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын конушу болгон «Кыргыз жазысы» аймагында бүгүнкү күнгө чейин «Кыргыз арыктары», «Кыргыз кеткен жол», «Кыргыз суусу», «Кыргыз конушу» жана башка аталыштар учурайт. Мунун өзү ошол мезгилдердин тарыхы төгүлүп-чачылбай бизге жеткенинен кабар берет. Мындан тышкары, экспедициялык кыдыруу учурунда ошол талаалардан «Кыргыз узаган жер» деп аталган, темир иштетүүдөн калган белгилерге, «Кыргыз тегирмендери» деп аталган, данды майдалоочу зор таштардын топтомуна, дыйканчылыкка ылайыктаган бийиктиктердеги атайын талааларга кез болдук. Булардын баары кыргыздардан бул аймакта узак убакыттар бою дөөлөттүү жашоо кечиргендигинин мисалы болот.

Бул жердин жылаңач адырмактары, жайык этегиндеги мөлтүр кашка суу топтому, бетегелүү тулаңы Кыргызстандын аймагындагы Соңкөл жайлоосунун түрүн берет. Ушунун өзү «кыргыздар өздөрү мекендеген аймактарын табиятынын окшоштугуна карап тандаган» деген божомолду туудурат. Миң жылдардын катмарында жаткан маалыматтардын сыры ачылса, «Кыргыз жазысы» тек гана топонимикалык ат эмес, тарыхый табылгалардын башаты болуп берээри шексиз.