БИШКЕК. «Кыргызстандагы туруктуулуктун жана өнөктөштүктүн 10 принциби» деп аталган «тегерек столдун» катышуучулары бүгүн жыйындын корутунду чечимин жарыя кылышты. Анда Кыргызстанда демократиянын мындан ары өнүгүшү үчүн 10 принцип аткарылыш керек экендиги жазылган. Алар - 2003-2005-жылдары 2005-жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого, бийликтин тынч жол менен алмашуусуна ыңгайлуу шарт түзүү, Аскар Акаевдин кезектеги президенттик шайлоого барбай тургандыгын эл алдында ачык айтышы, мамлекеттик кызматкерлердин массалык маалымат каражаттарын сотко беришин 2005-жылга чейин токтотуу, партиялык тизме менен шайлоону калыбына келтирүү, Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоо, Феликс Куловду бошотуу. «Бул шарттарды аткаруу демократиянын андан ары өнүгүшүнүн жана коомчулуктагы чыныгы өзгөрүүлөрдүн кепили болот» деп жазылган жыйынтык документте.