Индиянын Кашмир штатында аткылашуу болду

Индиянын Кашмир штатындагы аткылашуудан бүгүн кем дегенде 14 адам каза болду. Алардын он экиси Индия өкмөтүнүн жоокери, экөө исламчыл топтун өкүлү. Мындан башка жети жоокер жарадар. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, исламчыл топтун өкүлдөрү өкмөттүн аскери жайгашкан жерге таң эрте кол салышкан. Ал Индиянын президенти Абдулла Каламдын беш жылдан бери Кашмирге барган алгачкы сапары учурунда болду. Индия бул күнкү жана буга чейинки кол салууларга Пакистан шыкакчы болуп жатат деп айыптады. Пакистан болсо мындай айыпты мурдагыдай эле четке какты.