Африканын Кения мамлекетинин борбору Найроби шаарында Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги кечээ күнү жабылды жана кеминде келерки шейшембиге чейин иштебейт. АКШнын чалгындоо кызматтарынын маалыматына караганда, элчиликке каршы террор аракети даярдалган. 1998-жылы Кения жана кошуна Танзаниядагы америкалык элчиликтердин жанында жарылуулар болуп, жүздөгөн адам мерт кеткен. Өткөн ноябрда дагы Кениянын мейманканасын жарылуучу зат жүктөлгөн машине келип сүзүп, онго жакын адам курман болгон.