Бишкекте бийлик менен саясий күчтөрдүн «тегерек үстөл» жыйыны өтөт

БИШКЕК. 12-июлда Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана маалымат каражаттарынын катышуусу менен «тегерек үстөл» жыйыны өтөт. «Өнөктөштүк форуму» деген ат менен өткөрүлө турган бул жыйынга өлкөдөгү ар түрдүү көз караштардагы саясий күчтөрдүн катышуусу күтүлөт. Жыйында мамлекеттик бийликтин, жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын мындан аркы өз ара кызматташуу багыттары талкууланып, декларация кабыл алынмакчы. «Тегерек үстөл» жыйынын өткөрүү демилгеси өлкөдөгү бир катар саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар тарабынан көтөрүлүп, президенттик администрациянын колдоосуна ээ болгон.