КЫРГЫЗСТАНДЫН ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНА ӨТҮШҮ ЭКОНОМИКАГА ОЛУТТУУ ЖАРДАМ БЕРЕ ЭЛЕК

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна киргенине быйыл күзүндө 5 жыл болот. Бирок эксперттер ал Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу деле таасир бербегендигин айтышат. Анткени анын негизги соода өнөктөрү бул уюмга мүчө эмес.
Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна өтүшү - мааниси жагынан 1992-жылы базар экономикасына багыт алгандай, 1993-жылы улуттук валютаны киргизгендей эле олуттуу нерсе. Бирок 5 жыл ичинде анын Кыргызстандын экономикасына тийгизген оң таасири статистикалык маалыматтардан азырынча байкала элек. Эксперттер аны Кыргызстандын экспортунун географиясы менен түшүндүрүшөт. Алар Кыргызстандын адаттагы соода өнөктөштөрү - КМШ мамлекеттери экенин, алар болсо Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө эместигин белгилешет. Өкмөт да КМШ өлкөлөрүнүн ага тезирээк өтүшүн каалайт. Өкмөт “алар бул уюмга өтсө, рынокторун ачып, биздин ишканаларга жеңил болмок” деп эсептейт.

- Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна эрте өтүшүнүн артыкчылыгы – жаңы өтүп жаткан мамлекеттерге өзүбүздүн шартты таңуулай алабыз. Биздин экспорттук товарларды «0» деген бажы тарифи менен өткөрүүнү алардан талап кылууга укугубуз бар, - дейт Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин тышкы соода департаментинин директору Анархан Рахманова. 5 жыл ичинде КМШнын бир дагы мамлекети Дүйнөлүк Соода Уюмуна өтө алган жок. Бирок Кыргызстандын ири соода өнөктѳштѳрүнүн бири – Кытай - былтыр бул уюмга мүчө болду. Анын биздин экономикага тийгизген таасири тууралуу Анархан Рахманова мындай дейт:

- Таасири азырынча байкала элек. Болгону Кытайга биздин экспорт көбөйүп жатат. Бирок анын баары эле чийкизат. Ошентсе да Кытайдын өткөнү жакшы болду. Анткени Кытай бизге транзитке мүмкүнчүлүк берди. Мурда, өзүңөр билгендей, Кытай биздин машиналарды өткөрчү эмес. Дүйнөлүк Соода Уюмунун жобосуна ылайык анын мүчөлөрү транзит берүүгө милдеттүү. Биздин экономисттер айтышты эле, «Кытай бул уюмга кирсе, биздин базарлардын баарын өзүнүн товары менен толтуруп салат» деп. Андай деле болгон жок. Анткени биз мурда эле ага ушундай эле режим берчүбүз. Биз ага карата соода режимин өзгөрткөн жокпуз. Ал эми Кытай бизге карата режимин өзгөртүшү керек. Бирок ал Дүйнөлүк Соода Уюмунун алдындагы тоскоолдуктарды 10 жыл ичинде акырындап жоем деп милдеттенме алган. Кытай баары бир режимди өзгөртөт. Кытайдын ал уюмга өткөнү бизге пайдасынан башка зыяны жок.

Азыр КМШ өлкөлөрүнүн бир тобу Дүйнөлүк Соода Уюмуна кириш үчүн сүйлөшүүлѳрдү жүргүзүп жатышат.

- КМШнын ичинен Украина жакын арада өтөт го деп ойлойм. Ал көп мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү бүтүп, макулдугун алды. Бизге да кайрылган. Бирок биздин шартты аткармайын биз протоколго кол койбойбуз. Анткени Украина биздин лампочкаларга жогорулатылган тариф киргизген. Андан тышкары, ал бизге карыз. Биз ушул маселелерди алардын астында коюп жатабыз. Орусия болсо сүйлөшүү процессинде. Бирок анын рыногу абдан чоң. Анын рыногу АКШны, Европа Биримдигин кызыктырат. Ошондуктан сүйлөшүүлөр узак болуп атат. Ал мурдараак өтсө болмок. Анын өз учурунда өтпөгөнү Орусиянын катасыбы деп ойлойм. Кытай Орусиядан мурдараак өтүп кетти. Эми ал өз шартын таңуулайт. Кытай үчүн Орусиянын рыногу, өзгөчө эмгек рыногу керек, - дейт Анархан Рахманова. Бирок Кыргызстан «бизди рыногуна кое бербей жатат» деген Орусияга жана Казакстанга баары бир өз шартын таңуулай албайт экен.

- Кошуналар менен биз бир уюмда - ЕврАзЭБдебиз. Алар менен сүйлөшүү процесси болбойт, - дейт Анархан Рахманова.