БИШКЕК. 8-11-июнда Казакстандын Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кезектеги жыйыны өттү. Анда Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов абадагы коопсуздукту сактоо боюнча маселе койду, бирок аны төрт мамлекеттин коргоо министрлери колдошкон жок. Сергей Иванов Чеченстанда орус учактарын атып түшүргөн «Игла» жана «Стрела» ракета комплекстери кайсы мамлекет аркылуу террористтердин колуна тийип жатканын аныкташ үчүн алардын чыккан убактысы, номуру тууралуу маалыматтарды алмашып туруу жөнүндөгү келишимге кол коюуну сунуштаган. Бирок Орусиянын мындай сунушун Азербайжандын, Грузиянын, Өзбекстандын жана Украинанын коргоо министрлери колдошкон жок. Ошол эле учурда Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын жана Тажикстандын коргоо министрлери «ракеталарды сатууга көзөмөлдү күчөтүш керек» деген чечимге келишти. Кыргызстандын Коргоо министрлигинен бүгүн алынган маалыматка караганда, Астана жыйынында КМШнын Куралдуу күчтөрүнүн соңку жылдагы чогуу өткөрө турган машыгууларынын планы да такталды.