Сапар Орозбаков, Бишкек Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев шаршемби күнү өлкөнүн алкоголь ичимдиктерин өндүрүүчү ири ишканаларынын жетекчилерин чогултуп, жасалма арак жасап сатууну жана алкоголь ичимдиктеринин аткезчилигин токтотуунун жолдорун талкуулаган кеңешме өткөрдү. Жыйынга катышкандардын кеңеши боюнча «самопалчыларга» жана аткезчилерге карата жазаны күчөтүү, акциздик марканы жыл сайын алмаштыруу, алардын коргоо элементтерин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Алкоголь ичимдиктери - бюджетке көп киреше берген тармак. Бирок базар экономикасы башталганда бизде спирт менен сууну аралыштыра коюп сатылган арак көбөйүп кеткен. Кийин ага кошумча болуп, кошуна өлкөлөрдүн арзан арагы каптап, бүткүл дүйнө жүзүндө кирешелүү тармак деп эсептелген бул тармактан бюджетке жарытылуу акча түшпөй калган. Ошондуктан былтыр өкмөт аракка акциздик салыкты азайтууга аргасыз болду. Жоомарт Оторбаев кеңешмеде акыркы жылдары өлкөнүн алкоголь өндүрүшүндө бир топ жылыштар бар экенин белгиледи. Мисалы, 2000-жылы атамекендик товар өндүрүүчүлөр 376 миң декалитр алкоголь ичимдиктерин өндүрсө, 2002-жылы ал 2 млн. 406 миң декалитрге жеткен. Ошого жараша андан түшкөн акциздик салык да 108 млн. сомдон 504 млн. сомго өскөн. Жоомарт Оторбаев бул позитивдүү көрүнүштү андан ары бекемдөө зарыл экендигин айтты. Кеңешмеде: «Канткенде жасалма арак жасап сатууну жана аткезчилик менен келип жаткан спирт ичимдиктерин токтотсо болот?» деген маселе талкууланды. Анткени мыйзамдуу түрдө алкоголь жасап чыгаруу көбөйүп жатканы менен, азыр деле тармакта көмүскө экономика 50% жетет. Ошол эле учурда алкоголь ичимдиктерин жылына 3,5 млн. декалитрге жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар өзүбүздүн ишканалардын кубаттуулугу толук пайдаланылбай жатат.
Кеңешмеде жасалма арак жасап сатуучуларга Кылмыш кодексинде белгиленген жазаны жана тартип коргоо органдарынын бул багытта жүргүзгөн ишин күчөтүү маселеси көтөрүлдү.
- Кылмыш кодексинде «100 же андан көп литр менен кармалса гана кылмышка тартылат» деп жазылган. Жасалма арак жасап чыгаруучулар болсо адатта аз көлөм менен иштешет. Ошондуктан алар жоопкерчиликке тартылбай жатат. Ошон үчүн 100 литрди 50 литрге которсо жакшы болор эле, - дейт «Кыргызалко» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Замирбек Эсенаманов. Ал салык төлөбөй арак жасап сатуу пайдалуу экенин, эптеп күнүмдүк нанын таап жегенди көздөгөн адамдар, жазаны күчөтпөсө, бардыгына бараарын белгилейт. Бирок Жоомарт Оторбаев административдик ыкма менен күрөш жүргүзүүгө мамлекеттин күчү жетпесин, анын үстүнө ал күткөндөй натыйжа бербесин белгиледи.
- Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын өзүңөр билесиңер. Биз жүздөгөн инспекторлорду кармай албайбыз. Бардык чарба жүргүзүүчү субъектилер барган жол менен кетишибиз керек. «Кока-кола» эмне кылып жатат? Ал мамлекеттик органдар менен чогуу дүкөндөрдүн текчелеринде коюлгандарды өзү текшерет. Эмне үчүн силерге мамлекеттик инспекция менен кошо бул маселе менен иштей турган топ түзүүгө болбосун? - деди Жоомарт Оторбаев.
Аракты ичип көргөндө гана анын таза же жасалма экени билинет. Анткени «самопалчылар» кадимкидей эле акциздик маркаларды чапташат. Маркаларды өзүндөй кылып жасап саткандар бар. Аларды чыныгы маркалардан айырмалаш кыйын.
- Мисалы, азыркы маркаларды көмүскө иштеген ишкерлер оңой эле жасап алып жатышат. Аны жыл сайын алмаштырып туруш керек. Жаңы коргоо элементтерин киргизүү зарыл. Орусияныкына окшогон, сыйрып алып кайра чаптаганга болбой турган, өзү чапталма маркалар чыгарылса жакшы болоор эле. Ошондо жасалма арак азаят, - дейт «Карабалта» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Марат Жунушалиев.
Бул тармактагы көмүскө экономика менен күрөштө алкоголь ичимдиктерин жасап чыгаруучу ишканалар менен өкмөттүн кызыкчыгы бир жерден чыгып жатат. Ишканалар бул өтүмдүү товарды чыгарып, кирешелерин көбөйткүсү келсе, өкмөт бюджетке кошумча акча түшүргүсү келет. Ал быйыл, Жоомарт Оторбаевдин айтымында, бул тармактан түшчү салыкты 800 млн. сомго жеткирүүнү көздөйт. Ошондуктан тараптар мындай жолугушууларды дагы өткөрүп, көмүскө экономика менен күрөштү улантууну макулдашты.