Польшада бүгүн референдум өтүп жатат

Ал эки күнгө созулат. Референдумга Польшанын Евросоюзга кошулушу жөнүндөгү маселе коюлган. Өлкөнүн президенти Александр Квасниевски бул күндү өз өмүрүндөгү эң маанилүү учур деп бааласа, премьер Лешек Миллер Польшанын бүткүл тарыхындагы улуу күн деп атады. Коомдук пикирдин соңку көрсөткүчтөрү ырастагандай, калктын көбү бул маселени колдойт. Бирок бийликтер эки күндүк референдумда добуш берүүгө келгендердин саны 50 проценттен аз болуп калышы ыктымал деп чочулап жатышат. Мындай учурда аталган маселе парламентте каралат.