Палестинанын лидери Ясир Арафат Иорданиядагы саммитте Израиль олуттуу кадам жасаган жок деп эсептейт

Арафаттын айтымында, Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон ал жолугушууда эч кандай маанилүү сунуш киргизген эмес:
- Өкүнүчтүүсү, Шарон жакшылыктуу эч нерсе сунуш кылган жок. Эң чоң жаңылыгы - жөөт көчмөндөрүнүн кербенин башка жакка көчүрүп туруп, мына орун котордук деп айтмакчы. Муну кандай түшүнсө болот?

Шаршембиде Ариэль Шарон жана Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас АКШ президенти Жорж Буш менен жолугушуу учурунда "Жол картасы" аттуу эл аралык тынчтык планын аткарууга сөз беришкен. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Аббас палестиндерди Израилге каршы куралдуу кол салууларын токтотууга үндөсө, Шарон болочок Палестина мамлекетине колдоо билдирип, палестин аймактарындагы мыйзамсыз жөөт кыштактарын көчүрүп кетүүнү убада кылган. Тель-Авивдик радио Шарон менен Аббас жакын арада кайрадан жолугушаарын кабарлады.