Палестин-жөөт өкмөт башчыларынын жолгушуусу кийинкиге жылдырылды

Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен Израилдин премьер-министри Ариель Шарондун бүгүнгө белгиленген жолугушуусу кийинкиге жылдырылды. Бул жолу алар Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты жөнгө салуу боюнча АКШ, БУУ, Европа Биримдиги жана Орусия тарабынан иштелген «Жол картасы» планы боюнча буга чейин болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарышмак. Израилдин Тышкы иштер министри Силван Шаломдун пикиринде, буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу келечектеги аракеттерди аныктайт.

Мен бир эмес бир нече жолу айттым. Биздин буга чейинки аракеттерибиз, кабыл алган эң татаал чечимдерибиз-сүйлөшүүлөрүнүн башталышы гана. Эң башкысы-үч жыл бою палестин тарап менен болгон кагылышуудан кийин башталган сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу.

Жолугушуунун кийинкиге жылдырылышын палестин тарап техникалык себептер менен түшүндүрдү бирок сүйлөшүү качан болору маалымдалган жок.