24-майда Бишкекте Европа өлкөлөрүнүн жана Түркиянын инвесторлору менен Кыргызстандын мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн, ишкерлердин жолугушуусу болду. Ал Кыргызстан менен Европанын жана Түркиянын инвестиция жаатындагы алакасын өркүндөтүү маселесине арналды.
Жолугушуу-диалог «Кыргыз мамлекетинин келечеги – билимдүү жаштар» деген ураандын алдында өтүп, ага Кыргызстандын премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана Германиядан, Норвегиядан, Голландиядан, Түркиядан келген 400дөн ашуун ишкерлер катышты. Андагы негизги максат - Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышуу жана инвестиция сала турган тармактардын өкүлдөрү менен көзмө-көз пикир алышуу болду. Жолугушууда сөз сүйлөгөн премьер-министр Николай Танаевди айтымында, Түркия Кыргызстандын экономикасына салган инвестициясынын көлөмү боюнча Кыргызстанда экинчи орунду ээлейт. Учурда Кыргызстанда 400дөн ашуун түркиялык фирма иштейт. Алар салган инвестициянын көлөмү 350 миллион доллар болду. Бул Кыргызстанга келип жаткан бардык инвестициянын 30 % түзөт.
Николай Танаевдин айтымында, 1990-жылдардын башында эки өлкөнүн ортосунда алака түзүлгөндөн бери ар тармактардагы кызматташуу боюнча жүздөн ашуун келишимдерге кол коюлган. Алардын ичинде соода, маданият жана билим берүү тармактарындагы кызматташтык абдан мыкты күч алып баратат. Аны Кыргызстанда Түркиянын эки жогорку окуу жайынын, «Себат» билим берүү фирмасынын ондон ашык лицейлеринин иштеп жаткандыгы айгинелейт.
Жолугушууда бул тармактардан тышкары айыл чарба, өнөр жай, кен иштетүү, байланыш тармактары инвестицияга муктаж экендиги кабарланды. Бул тууралуу маалымат берген финансы министри Болот Абилдаев «өкмөт чет элдик инвестицияга бөгөт болуучу административдик көп тоскоолдуктарды жоюп, эми кошумча нарк салыгынан жеңилдиктерди бере баштады» деп кабарлады. Ал эми тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков чет элдик ишкерлерди «Кыргызтелекомду» менчиктештирүүгө катышууга чакырды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азизбек Мадмаров 70% иштетилбей кетип жаткан айыл чарба продукцияларын иштетүү, казылбай жаткан 100 миллион тонна мунай запасын, Борбордук Азиядагы көмүрдүн 40% түзгөн көмүр кендерин иштетүүгө инвестиция салуу зарылдыгын билдирди. Андан тышкары, «Кыргызстанда туризм бузулбай жаткан дың» деп бааланып, Ысыккөлдүн жээгине мыкты отелдерди, пансионаттарды салууга жол ачык экендиги айтылды.
Ал эми курамына Кыргызстандагы 80ден ашуун фирма кирген «Кыргыз-түрк ишкер адамдары» бирикмесинин төрагасы Осмон Ташердин жолугушууда айткан пикирине караганда, инвестицияга Кыргызстандагы бюрократия менен салык мыйзамдары катуу тоскоолдук кылууда. Ошондуктан эң ириде салык мыйзамын өзгөртүү зарыл. Анын себебин Осмон Ташер мындайча түшүндүрдү:
- Cалык маселеси экспорт менен импортко жана андагы кошумча нарк салыгына байланыштуу чыгып жатат. Бул экспортко чыгарган товарларыбыздын баасынан улам пайда болду. Анткени, эгер мен экспортко товар чыгарып жатсам, мен кошумча нарк салыгынын ченемин төмөндөтүшүм керек. Бирок, мен экспортко чыгарып жаткан товарыма керектүү жабдуу-шаймандарды Индонезиядан же башка өлкөдөн алышым мүмкүн. Аны өлкөгө алып кирип келатканда кошумча нарк салыгын төлөйм. Ага жараша менин бул жерде чыгарган товарымдын баасы жогорулайт. Бирок, мен аны ошол кымбат баада экспорттой албай жатам. Кыргызстандын экономикасына өтө керектүү, бирок, чийкизатты башка өлкөлөрдөн алып келип жасап, экспортко чыгарып жаткан товар менен чийкизаттын баасынын айырмасы аз болсо биз үчүн да, Кыргызстан үчүн да абдан жакшы болот эле. Себеби, бул жерде чыгарган товарларыбыздын баасы абдан кымбат болуп, чет өлкөлөрдөгү рынокто өтпөй калып жатат. Буга чет өлкөлөрдөн алып келген чийкизаттын баасы, андан алынган кошумча нарк салыгы түздөн-түз таасир тийгизип жатат. Ошондуктан, ушул маселени өкмөт караштырса жакшы болот эле. Биз өкмөткө бул боюнча кайрылуу жасаганбыз.
Жолугушууга Европадан жана Түркиядан келген ишкерлер Ысыккөл, Ош, Жалалабад облустарында болуп, ал жерлердеги инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен таанышты. Анын жыйынтыгын эми мезгил көрсөтөөр.