БИШКЕК. 22-майда «Кыргыз Республикасында аскердик мекемелерге атуулдук көзөмөл жөнүндөгү» мыйзам долбооруна байланыштуу Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасы коомдук угуу өткөрдү. Мыйзамды иштеп чыккан авторлордун бири, мамлекеттик түзүлүш, Конституциялык мыйзамдар жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Дилдин айтымында, аталган мыйзам куралдуу күчтөр тармагынын ишинин өркүндөшүн шарттайт жана одоно мыйзам бузууларга бөгөт койот. Жаңы мыйзам долбоорунда аскер тармагынын ишин парламенттин, өкмөттүн, эсептөө палатасынын тиешелүү бөлүмдөрү көзөмөлгө алуу укугуна ээ экендиги белгиленген. Мыйзамдын иштелип чыгышына күч структурасында коррупциянын күч алышы, аскер куралдарынын негизсиз пайдаланылып жатышы, ички иштер кызматчыларынын жарандарды мыйзамсыз кармоолору өңдүү жагдайлар себеп болду. Бирок, айрым жоболорду аскер тармагынын жетекчилери колдошкон жок жана аны аскер тармагын көзөмөлдөп келаткан тараптардын жетиштүүлүгү менен түшүндүрүштү.