"Росавиокосмос" агенттигинин өкүлү Сергей Горбуновдун билдиргенине караганда, Москвадагы сүйлөшүүлөрдө макулдашылгандай, эки өлкө Марсты изилдөө боюнча биргелешкен программа баштайт жана Марска автоматтык башкаруудагы жабдууну учуруу жаатында кызматташат. Ал эми Орусиянын "СоюзТМА-1" космос кемеси кечээ эмне себептен белгиленген аймактан башка жерге барып конгону кылдат иликтенмечи. "Энергия" космос корпорациясынын президенти Юрий Семеновдун "Итар – ТАСС" агенттигине билдиргенине караганда, ал өзү жетектей турган комиссия иликтөөнүн жыйынтыгын келерки айда чыгарышы мүмкүн. Кечээ бортунда бир орусиялык, эки америкалык космонавт бар "Союз ТМА-1" кемесинин Жерге түшүрүүчү аппараты белгиленген аймактан 400 чакырымдан ашуун алыс барып конгон.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Улан Эшматов, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Улан Эшматов, Прага