Чернобыль алааматы эсте

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Чернобыль алааматынын 17 жылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу борбордогу Фучик атындагы сейил багында митинг-реквием болуп, ага Чернобыль алааматын четтетүүгө катышкандар, шаар башчы Медетбек Керимкулов жана Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери катышты. Жыйын катышуучулары Чернобыль алааматынын кесепетинен курман болгондорго арналган эстеликке гүл коюшту. 1986-жылы 26-апрелде болгон Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкты токтотууга Кыргызстандан 2300дөй адам катышкан. Алардын 500гө жакыны 50 жашка жетпей каза болгон. Шаар башчы Медетбек Керимкулов жыйында Чернобыль алааматын өчүрүүгө катышкандарга берилип жаткан жеңилдиктерге токтолду. Жыйындын айрым катышуучулары жеңилдиктердин жетишсиздигин белгилешти.