Эки уюмдун жетекчилери АКШнын элчилигине кат тапшырышты

БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун жана «Акыл-эс, Рух жана Ыйман» коомунун башчысы Дүйшөн Абдылдаев АКШнын элчилигине кат тапшырышты. Президент Жорж Бушка жана Конгресске жолдонгон бул катта Ирак маселелесин чечүүнү Бириккен Улуттар Уюмуна тапшыруу, АКШнын аскерлерин Ирактан чыгаруу жана Ирактын мыйзамдуу өкмөтү түзүлгөнгө чейин мунай затын казып алууга уруксат бербөө талаптары айтылган. Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун маалымдады.